Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жанылыктар


"Мекенди коргоочулардын күнү"майрамына карата сыйлык тапшыруу аземи

 

2024-жылдын 22-февралында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин чоң жыйындар залында "Мекенди коргоочулардын күнү" салтанаттуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чараны И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Чыныбаев М.К. ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Иш-чаранын алкагында Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылып, концерттин өзү ар түрдүү программалар менен коштолду.

Жаштарга билим берүүдө жана тарбиялоодо кошкон салымдары, активдүү иштери жана көп жылдык ак ниеттүү эмгеги, жетишкен натыйжалары, университетти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун 19-февраль 2024-ж. № 1/30 «Сыйлоо жөнүндө» буйругунун негизинде Кесиптик орто билим берүүнүн (Колледж) чарба башчысы Кононенко Юрий Николаевич И.Раззаков атындагы КМТУнун «Ардак грамотасы», «Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» билим берүү программасынын окутуучусу Алиев Таштанбек Талгатбекович эмгек китепчесине жазуу менен «Алкыш» жарыялоо сыйлыгы жана «Кыргыз тили жана адабияты» сабагынын окутуучусу Замирбек уулу Нурбек«Ыраазычылык кат» менен сыйланды.

Татыктуу сыйлык алган урматтуу кесиптештерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз. Аларга бекем ден соолук жана кесиптик ишмердүүлүгүндө чоң ийгиликтерди каалайбыз.