Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жанылыктар


Коньки тебүү боюнча эл аралык турнир

И.Раззаков атындагы КМТУнун Кесиптик орто билим берүү (Колледж) окутуучулары “Костюм дизайны” билим берүү программасынын студенттери менен бирге дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү дизайнерлердин муз үстүндө мода көргөзмөсүн, "Денис Тен Мемориал Челленджер" эл аралык турнирде көрсөтүүдө маанилүү окуянын бир бөлүгү болушту. Кайрымдуулук гала-шоу 2023-жылдын 1-ноябрынан 4-ноябрына чейин Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Денис Тендин 30 жылдыгына карата "Барыс Арена" муз аянтында өттү. Ошондой эле атайын чакырылган коноктор: жылдыздар жана Денис Тендин достору – азыр Грузия үчүн ат салышкан россиялык фигуристтер Диана Дэвис менен Глеб Смолкин, Никита Старостин (Германия), ошондой эле Этери Тутберидзенин окуучусу Ника Эгадзе жана Светлана Соколовскаянын тобунун спортчусу Алина Урушадзе, Ше-Лин Борн (Канада) жана Мари Пьер (Франция) болушту.

Маалымат үчүн: Денис Юрьевич Тен (13-июнь, 1993-жыл – 19.07.2018, Алма-Ата) – казакстандык көркөм муз тебүүчү, жеке мелдешке катышкан. Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери. 2014-жылы Кышкы Олимпиада оюндарынын коло байге ээси. Коньки тебүү боюнча 2013-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, 2015-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, 2015-жылдагы Төрт континенттин чемпионатынын жеңүүчүсү, VII кышкы Азия оюндарынын чемпиону, Эл аралык коньки тебүү союзу алдында өткөн ар кандай эл аралык турнирлердин бир нече жолку жеңүүчүсү, беш жолку Казакстандын чемпиону.