Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жанылыктар


Жаңы жылга карата сыйлыктар

2023-жылдын 28-декабрында И.Раззаков атындагы КМТУнун Конференц залында Жаңы жылга карата окуу жайдын мыкты окутуучуларын жана кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Ак ниеттүү үзүрлүү эмгеги жана университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун 22-декабрь 2023-ж. № 1/272 «Сыйлоо жөнүндө» буйругунун негизинде Кесиптик орто билим берүүнүн (Колледж) директорунун өндүрүштүк окутуу боюнча орун басары Ткачева Бермет Темирбековна И.Раззаков атындагы КМТУнун «Ардак грамотасы» жана Кесиптик орто билим берүүнүн (Колледж) окутуучусу Бакасова Эльгиза Изаевна эмгек китепчесине жазуу менен «Алкыш» жарыялоо сыйлыгына татыктуу болушту.

Татыктуу сыйлыктарды алышкан урматтуу кесиптештерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз жана чың ден-соолук каалоо менен кесиптик ишине чоң ийгиликтерди каалайбыз.