Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жанылыктар


"Текстиль-тигүү секторунда көп талап кылынганкесиптер үчүн билим берүү процессин күчөтүү"темасындагы тегерек стол

2024-жылдын 3-апрелинде Эл аралык соода борбору (ITC) ишке ашырган жана Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган Глобалдык текстиль жана тигүү программасынын (GTEX) алкагында И.Раззаков атындагы КМТУда "Текстиль-тигүү секторунда көп талап кылынган кесиптер үчүн билим берүү процессин күчөтүү" темасында тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столду өткөрүүнүн максаты - заманбап эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык келген адистерди даярдоо жана бул тармакта кесиптердин жагымдуулугун жогорулатуу максатында текстиль-тигүү секторунда билим берүү процессин жакшыртуу боюнча сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу.

Иш-чарага "Текстиль транс", "Феникс флай", "J&Lo", «Peri Kids», «Work World», «Сокс Мастер», «Темене», «Табыш» сыяктуу тигүү ишканаларынын жетекчилери катышышты, ошондой эле" КР Жеӊил өнөр жай Ассоциациясынын президенти С.Ж.Асанов, КР Экономика жана Коммерция министрлигинин жеңил өнөр жай башкармалыгынын башкы адиси А.Г.Бейшеналиева, уюмдардын бизнес-сервиси, консалтинг компаниялары, ITC долбоорунун өкүлдөрү, тигүү сектору үчүн кадрларды даярдаган ЖОЖдордун жана колледждердин өкүлдөрү катышышты.

И.Раззаков атындагы КМТУнун КОББ (Колледж) "Костюм дизайны" бөлүмүнүн башчысы Тенти кызы Элиза тегерек столдун алкагында эксперт катары катышты.

Билим берүү программаларынын натыйжалуулугу маселеси талкууланды. Эксперттер, тигүү тармагынын өндүрүшчүлөрү жана билим берүү мекемелери менен таанышуу жана дискуссия (Speed-Dating техникасында) жүргүзүлдү. Мындай техниканы колдонуу текстиль - тигүү секторунун актуалдуу көйгөйлөрүн, чечүү жолдорун жана маселелерин аныктоого мүмкүндүк берди.

Тегерек столдун алкагында Нетворкинг (Networking) темасында тренинг өткөрүлдү. "Management Development Consulting" ЖЧКнын башкы директору Ольга Кан жана Кыргызстандагы GTEX программасынын улуттук менеджери Асель Туйбекова тренер болуп жүргүзүштү.

Төмөнкү темалар каралды: тармактын башкы эрежеси, тармактык максаттарды коюу, керектүү адамдардын профилин түзүү, өзүн-өзү көрсөтүү.

Тренинг аяктагандан кийин КОББ (Колледж) студенттеринин өндүрүштүк практикаларын өткөрүү үчүн 10 келишимге, тигүү ишканалары менен кызматташуу жөнүндө 10 келишимге кол коюлду, визиткалар иштелип чыкты жана катышуучунун сертификаттары тапшырылды.