Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жанылыктар


Колледж студенттеринин маданий күнү

2024-жылдын 30-апрель күнү И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кесиптик орто билим берүүсүнүн (Колледж) ПКС-1-23, ПКС-9-1-22 тобунун студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде болушту.

Аталган иш-чара окутуучу Ч.С.Сырымбетова тарабынан Кыргызстандын тарыхы боюнча сабактарда алган билимдерин бекемдөө, тереңдетүү жана жайылтуу, кругозорду кеңейтүү, адеп-ахлактык-маданий дөөлөттөрдү тарбиялоо максатында уюштурулду.

Музейдин билим берүү жана курулуш тарыхы тууралуу маалымат берилип, студенттер жалпы саны 80 миңден ашкан экспонаттар менен таанышты.

Музейде алгачкы-жамаат, кул ээлөөчүлүк, феодалдык түзүлүш жөнүндө баяндаган экспонаттар, ошондой эле көчмөн элдердин экспонаттары коюлган. Улуу көчтөргө тиешелүү экспозициялар, 19-20-кылымдардагы аялдардын зер буюмдарынын коллекциясы жана кыргыз элинин этнографиясы өзгөчө кызыгууну жаратты. Музейдин тааныштыруучусунун коштоосунда студенттер Россиянын курамындагы Кыргызстандын тарыхы, Кыргызстандагы Октябрь Революциясы, совет доору, Улуу Ата Мекендик согуш жана эгемен Кыргызстан менен таанышышты.