Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жанылыктар


«Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу» адистиги боюнча МАК жыйынтыктары 

2024-жылдын 01-июлунда И.Раззаков атындагы КМТУнун КОББ (Колледж) 190701 «Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу (транспорттун түрлөрү боюнча, аба транспортунан башка транспорттун түрлөрү боюнча)» адистигинин студенттерин мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоо болуп өттү. «Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу» адистиги боюнча бүтүрүүчүнүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы бүтүрүүчү квалификациялык ишти (БКИ) иштеп чыгууну жана коргоону камтыйт. Бүтүрүүчү квалификациялык иштер конкреттүү маселелерди чечүүдө студенттин адистиги боюнча билимин системалаштырууга жана бекемдөөгө, ошондой эле бүтүрүүчүнүн өз алдынча иштөөгө даярдык деңгээлин аныктоого багытталган.

Бүтүрүүчү квалификациялык иш студенттердин билим алуусунун акыркы этабы болуп саналат жана анын төмөнкүдөй максаты бар:

- студенттердин теориялык жана практикалык билимдерин бекемдөө жана бул билимдерди жүк жана жүргүнчүлөр автомобилдик ташууларын уюштуруу жана башкаруу технологиясы, жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу жана камсыз кылуу менен байланышкан өндүрүштүк маселелерди чечүүдө долбоорлоонун жүрүшүндө колдонуу;

- заманбап өндүрүш шарттарында өз алдынча иштөө жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Бүтүрүүчү квалификациялык иштерди коргоо төмөнкү курамда мамлекеттик аттестациялык комиссиянын ачык отурумунда өттү: МАКтын төрагасы – «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын профсоюз комитетинин төрагасы - Куттубеков Ж.К., төраганын орун басары – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын генералдык директорунун орун басары - Усубалиев И.Т., комиссиянын мүчөсү – И.Раззаков атындагы КМТУнун «Ташууларды уюштуруу жана транспортту башкаруу» кафедрасынын доценти, техника илимдеринин кандидаты – Арыкбаев К.Б., МАКтын катчысы - КОББ (Колледж) окутуучусу – Бирисманов Э.Ж.

Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин тематикасындагы негизги багыттар: автомобиль транспорту менен ар кандай жүктөрдү ташууну уюштуруу жана башкаруу, шаардык, шаар четиндеги, шаар аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү автобустар менен ташууну уюштуруу (өркүндөтүү), конкреттүү каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну өркүндөтүү, Бишкек шаарынын көчөлөрүндө көрсөтүлгөн көзөмөлсүз жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө иш-чараларды киргизүү ж.б.

МАКтын жыйынтыгы: 4 студент «Эң жакшы» деген баага аттестациядан өтүштү, 14 студент «Жакшы» деген баага жана 2 студент «канааттандырарлык» баасына ээ болушту, бардыгы болуп 20 студент колледжди ийгиликтүү аякташты. Бүтүрүүчүлөр ОПУТ-9-1-21, ОПУТ-1-22 тобунун студенттери автомобиль транспортунда ташууларды уюштуруу жана башкаруу жаатында инженердик маселелерди чечүүдө жогорку деңгээлдеги даярдыкты көрсөттү.

Бүтүрүүчүлөрүбүздү колледжди ийгиликтүү аяктоосу менен куттуктайбыз жана кесиптик ишинде чоң ийгиликтерди каалайбыз!