Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


И.Раззаков атн. КМТУда архитектура, урбанизм жана дизайн боюнча биринчи евразиялык симпозиум болуп өттү.

Симпозиумдун максаты – билим, тажрыйба алмашуу жана архитектура, шаар куруу жана дизайн тармагындагы учурдагы жетишкендиктерди жана көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн интеграцияланган аянтчаны түзүү болуп саналат.

Симпозиумдун программасында бренддердин негиздөөчүлөрүнүн жана сынактардын жеңүүчүлөрүнөн кызыктуу лекциялар, интерактивдүү тренингдер жана мастер-класстар каралган. Ошондой эле симпозиумдун жүрүшүндө экскурсиялар, алдыңкы архитекторлордун жана дизайнерлердин жетишкендиктерин көрсөтүү, жеке көргөзмөлөр уюштурулат.

Белгилей кетсек, симпозиумга 30дан ашык архитектуралык-курулуш компаниялары жана дизайн бренддери, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин 25тен ашык университеттери катышууда. Симпозиумдун географиясы – Италиянын, Сингапурдун, Бириккен Араб Эмираттарынын, Түркиянын, Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын ж.б. 18ден ашык өлкөсү жана 30 шаарлар катышты.