Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новость


«Тилден түбөлүктүү, тилден артык өнөр жок»

                                                     Ч. Айтматов.

 

 

2023-жылдын 23 – ноябрында  И. Раззаков атындагы КМТУнун чон жыйындар залында Технология институтунун “Химия жана химиялык технологиялар”кафедрасы  тарабынан  кыргыз тилин өнүктүрүү максатында жарыяланган үч айлыктын алкагында элибиздин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы атайын иш-чара өткөрүлдү.

 

Бул иш-чара Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүү, анын чыгармаларын жайылтуу, залкар жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу, улуттук баалуулуктарды, рухий дөөлөттөрдү жана маданий-тарыхый мурастарды даңазалоо максатында уюштурулду.

 

Аталган иш чарага өнүгүү жана инвестицияларды тартуу боюнча проректору Сыдыков Жыргалбек Дуйшекеевич, академиялык иштер боюнча проректору Элеманова Римма Шукуровна, Технология институтунун директору Рысбаева Имийла Акимжановна,  Эл аралык жогорку логистика мектебинин директору Уметалиев Акылбек Сапарбекович жана дагы профессордук-окутуучулук курам, ошондой эле студенттер катышышты.  

 

Ч. Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуу кафедранын студенттери тарабынан сахналаштырылып, чыгармалардагы каармандардын образдары  жогорку деңгээлде чагылдырылып көрсөтүлдү. Ар бир  көрөрмандын көкүрөгү көлкүп, кайталангыс зор чыгарманын касиетине балкып, каармандардын катаал турмушуна каректерин жаштап, өткөн өмүрдүн өзөгүнө бир кайрылып, тоодой залкардын толкуган чыгармасына күбө болуп келген элди кайдыгер калтырган жок!