Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новость


 “Ата-бабаларды эскерүү күнүнө” карата И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин 1-курсунун (9-кл. жана 11-кл. базаларында) студенттери айрым окутуучулар, кураторлор жана координаторлор менен биргеликте “Кыргыз тили фестивалы-2022” алкагында 1,2,3-ноябрь күндөрү “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине экскурсияга барып, ыйык жайдагы тарыхый окуяларды чагылдырган эстеликтер, музейлер, репрессиянын курмандыктары, тарыхтын ар түрдүү этаптарында мамлекеттүүлүк идеясын көтөргөн жана аны турмушка ашырган элдин эрдиктери менен таанышып келишти.

            Колледждеги билим алуучуларга мындай сабак-экскурсияларды уюштуруунун башкы максаты, “Ата-Бейитти” түбөлүк жай кылган ата-бабаларыбызды арбактарын эскерүү жана алардын тарыхта калтырган эбегейиз эмгегине таазим кылуу, Кыргызстандын эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн жанын берген улуттун уул-кыздары тууралуу эс тутумду түбөлүккө калтыруу менен бирге зыярат жасап туруу ар бирибиздин ыйык парзыбыз экенин туюндуруу.