Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новости

Новости


ЭЛЕКТР ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЭЛЕКТР МЕХАНИКАСЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

16-майда  И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинде “Электр энергетикадагы жана электр механикадагы азыркы заманбап көйгөйлөр жана инновациялар” деген темада эл аралык  илимий-техникалык конференция болуп өттү. Иш-чара университеттин “Электр механика” кафедрасынын түзүлгөнүнүн 70 жылдык жана ушул окуу жайдын профессору, техника илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер Абдыралы Чынгышевдин 80 жаш мааракесине арналып уюштурулду.

Эл аралык илимий-техникалык конференцияга  университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, институттардын жетекчилери, окумуштуулар, энергетика тармагынын ардагерлери, кафедранын бүтүрүүчүлөрү, коомдук ишмерлер,  ошондой эле Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын  техникалык жогору окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.  Конференциянын  КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев ачып, бул иш-чаранын учур талабындагы маанилүүлүгүн баса  белгилеп, 70 жылда электрмеханика кафедрасы өлкөбүздүн өнөр жайы, курулушу, экономикасы, айыл чарбасы үчүн мыкты кесипкөй кадрларды даярдап келатканын айтып, ушул окуу жайда көп жыл жигердүү эмгектенген, эки ирет кафедра башчысы болуп, өлкөнүн экономикасына зор салым кошкон профессор, техника илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер Абдыралы Чынгышевдин эмгегин жогору баалап, 80 жаш мааракеси менен куттуктап, ага “Ардактуу профессор” наамын ыйгаруу чечими чыкканын билдирди. Салтанаттуу кырдаалда Абдыралы Алсейитовичке “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылып,  расмий жол-жобосу аткарылып, күбөлүгү тапшырылды.

Алгач кафедранын тарыхы, учурдагы ишмердиги жана ардактуу профессор Абдыралы Чынгышев тууралуу видеобаяндар көрсөтүлдү.

Техникалык илимдердин доктору, профессор, Эл аралык инженердик академиянын   академиги Карыпбек Алымкулов университеттин электр механика кафедрасынын түзүлүшү, тарыхы,  алгачкы кафедра башчылары, окутуучулары, алардын ишмердиги,  кафедранын бүтүрүүчүлөрүнүн өлкөнүн өнөр жайына, илимине кошкон салымдары тууралуу кеңири баяндама жасады.

Техникалык илимдердин доктору, профессор Игорь Бочкарев электр механика  кафедрасынын жетишкердиктери, эл аралык кызматташтыгы жана келечектеги өнүгүшү тууралуу кеңири баяндап, илимий жетишкендиктерин  да айтып берди.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Кемел Ашыралиев  Ардактуу профессор наамына арзыган Абдыралы Алсейитовичти окуучулук, студент кезинен бери жакшы билээрин, илимден сырткары спорт менен дагы машыкканын, коомдук ишмердигин, тарыхый билими терең болгон үчүн өзү санжырага да кызыгып, генетикалык тамырын тактап, тектүү ата-бабаларынын өмүр баяндарын изилдеп, керектүү маалыматтарды таап, Тынымсеит уруусунун санжырасын жазып, чоң китеп кылып чыгарганын айтып, батасын берди.

Эл аралык илимий-техникалык конференцияга расмий чакырылган Өзбекстандын Ташкент мамлекеттик техникалык университетинин профессору, техника илимдеринин доктору И.Рахмонов,  Казакстандын  Г. Даурбекова атындагы Алматы энергетика жана байланыш университетинин профессору, техника илимдеринин доктору Абдимуратов жана Орусиянын Москва энергетика университетинин профессору М. Киселев Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин   Электр механика кафедрасынын түзүлгөнүнүн 70 жылдык жана ушул окуу жайдын профессору, техника илимдеринин кандидаты Абдыралы Чынгышевдин 80 жаш мааракеси менен куттукташты.  Алар түштөн кийинки илимий секцияда өз өлкөлөрүндөгү энергетиканын өнүгүшү, көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу мазмундуу докладдарды жасап, суроолорго жооп беришти.

Ушул окуу жайдан билим алган окумуштуулар, илимге эмгеги сиңген бир катар кызматкерлер дагы кафедранын иш-аракеттери, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү жана профессор А.Чынгышевдин ишмердүүлүгү тууралуу айтышты.

Кафедранын учурдагы башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Аида Сандыбаева  конференцияга  чет өлкөлөрдөн келген меймандарга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Абдыралы агайды мааракеси менен куттуктады. Илимий конференцияда бул тармактын көйгөйлөрү, аны чечүүнүн жолдору, инновация жаңылыктары тууралуу кызыктуу баяндамалар болду.

Электр механика кафедрасы бул тармактагы Кыргыз Республикасына кесипкөй адистерди даярдаган негизги кафедра болуп саналат. Бул КМТУнун эң эски кафедраларынын бири жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодо бай, убакыт сынагынан өткөн тажрыйбага ээ. Электр механика кафедрасынын иштеп келе жаткан жылдарында топтолгон илимий-педагогикалык салттары жана потенциалы ага заманбап илимдин, техниканын жана өндүрүштүн талаптарын эске алуу менен окуу жана илимий маселелерди ийгиликтүү чечүүгө мүмкүндүк берип келатат. Кафедранын бардык кызматкерлеринин негизги аракети студенттерди окутуунун жана тарбиялоонун сапатын жогорулатууга, аларды чыгармачыл, жогорку квалификациялуу адистерден даярдоого багытталган.

Электр механика – электр энергиясын өндүрүү жана пайдалануу, анын агымын башкаруу жана энергиянын ар кандай түрлөрүн электр энергиясына айландыруу үчүн колдонулуучу адамдын ишмердигин, ишинин каражаттарын, ыкмаларын жана усулдарын камтыган технологиянын бир бөлүгү. Ошентип, электр механика азыркы цивилизациянын материалдык жетишкендиктеринин жана илимий маданиятына олуттуу таасирин тийгизген фундаменталдуу илим болуп саналат.

Заманбап электр энергетикасы жана электр механика өнөр жайы энергетикалык ресурстардын жетишсиздиги, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жана энергияга болгон суроо-талаптын өсүшү, ошондой эле технологиялык кыйынчылыктар сыяктуу көйгөйлөрдүн кеңири спектрине туш болууда.  Энергияны үнөмдөө,  энергияны кайра калыбына келтирүү жана  тармактардагы жаңы ачылыштагы инновациялар бул маселелерди чечүү жолдорун сунуштоодо окуу жайдын кафедрасы кесипкөй адистерди даярдап келүүдө.

Электр энергетикасындагы жаңы технологиялар дүйнө жүзүндө  эң ылдам темпте өнүгүп жатат. Анткени, ал керектөөчүлөргө да, өкмөткө да, өнөр жайдын, экономиканын өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жатканы менен актуалдуу болуп саналат.  Себеби, заманбап дүйнө ар кандай жаңы электроника жана электр техника каражаттары, жабдуулары жана буюмдары менен толукталууда.

Электр механикасы прогрессивдүү инструменттерди, жабдууларды жана агрегаттарды түзүүгө мүмкүндүк бергендиктен учур талабына ылайык кесипкөй адистерди даярдоого окуу жайдын бул кафедрасы алгылыктуу аракеттерди көрүүдө. Бул окуу жайдан билим алышкан адистер  өндүрүштүк линиялардагы кесипкөй ишмерлердин эмгегин жеңилдетип гана тим болбостон, ишти алда канча так жана сапаттуу аткарууга мүмкүндүк берип келатат.

 

Бүгүн кафедранын 70 жылдыгы менен бирге  80 жаш мааракесин белгилеген билим берүүнүн жана финансы рыногунун мыктысы Абдыралы Алсейитович  1963-жылы Фрунзе Политехникалык институтунун  энергетика факультетине тапшырып, аны 1968-жылы ийгиликтүү аяктап, «Электр кыймылга келтиргич жана өнөр жайын автоматташтыруу» адистигине ээ болуп, ушул окуу жайда мугалим, доцент, профессор, кафедра башчысы, кесиптик кошундардын төрагасы болуп, жигердүү иштеген.  Учурунда  Москва энергетика институтунун, азыркы “МПЭИ” Россия улуттук изилдөө университетинин аспиранты болуп, 1976-жылы  техника илимдеринин кандидаты  болгон.   Ал «Ала-Тоо-Инвест»  инвестициялык фондунун  негиздөөчүлөрүнүн бири жана менеджери болгон. Кыргызстандын сыра өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жана “Арпа” акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп,  өлкөгө инвестиция тартып келүүгө зор салым кошкон мекенчил ишмерлердин бири. Ондон ашуун монографиянын,  окуу китептердин жана  элүүдөй илимий эмгектердин автору. АКШ, Италия, Орусия жана башка өлкөлөрдөн стажировкадан өтүп, билимин тереңдетип келген.  Былтыр  анын кыргыз тилинде жазылган “Электр энергетикалык системаны релелик коргоо жана автоматташтыруу ” аттуу эмгеги  Билим берүү жана илим  министрлигинин чечими менен жогорку техникалык  окуу жайлары үчүн окуу китеби статусун алган. Бул эмгеги КМТУда Мамлекеттик тилде окуу процессин жүргүзүүнү күчөтүү максатында уюштурулган кыргыз тилиндеги окуу-илимий эмгектеринин сынагында “Мыкты окуу китеби” номинациясында биринчи даражадагы диплом менен сыйланган.

Кабыл Макешов, “Кут Билим” 

 

      

Новости отсутствуют.