Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыктын негизинде бир катар жарандарга сыйлыктарды тапшырды.
Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий тармактарын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлык алгандардын катарын КМТУнун кызматкерлери да толуктады:
1. "Даңк" ордени менен: Муслимов Аннас Поясович–И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин автоматизация, робототехника жана мехатроника кафедрасынын профессору;
2. “Даңк” медалы менен:
Бакасова Айна Бакасовна–И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Дж.А. Апышев атындагы электроэнергетика кафедрасынын башчысы;
3.. “Даңк” медалы менен: Уметалиев Акылбек Сапарбекович–И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин эл аралык жогорку логистика мектебинин директору;
4. "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наамга: Асанов Арстанбек Авлезовичке–И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “КОНАС” илимий-инженердик борборунун директору;
5. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наамга: Алымкулов Самсалы Амановичке–И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Маалыматык технологиялар институтунун информатика жана эсептөөчү техника кафедрасынын профессору.
Ак эмгектен баар тапкан сыйлыгыңыздар кутуу болсун, ден- соолукта болуп, билим тармагы үчүн дагы да талыкпай эмгектене бериңиздер!
Дагы бир жолу сыйлыгыңыздар кут болсун! Бар болунуңуздар!
КМТУнун жамаатынын атынан