Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новости


МААЛЫМАТ КАТ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргызстанда жашаган этностордун эне тилин өркүндөтүү боюнча жана “21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө” карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын 1 айлык планынын негизинде, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тарабынан «Тил –достуктун жана биримдиктин көпүрөсү» аталышында республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.

Конференциянын максаты - Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда көп тилдүүлүктү өркүндөтүү жана аларды окутуунун сапатын жогорулатуу, улуттар аралык биримдикти бекемдөө, тилди үйрөтүүдө заманбап ыкмаларды жана инновациялык технологияларды колдонуу.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын окутуучулары, магистранттары жана аспиранттары катыша алат.

Конференция 2023-жылдын 20-21-февраль күндөрү И.Раззаков атындагы КМТУнун башкы корпусунун кичи конференциялык залында өткөрүлөт.

Башталышы 10-00. Дареги: Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспектиси 66.

Сурап-билүү телефону (whatsApp): 0 (702) 39 38 70, 0 (779)797526, 0(770356018)

mamtil.borbor@mail.ru

Катышуу формасы: баяндама окуу жана видеопрезентация түрүндө өткөрүлөт

Жарыялоо: конференциянын материалдарыжурналдаргамакала түрүндө жарыяланат

1. «КМТУ Жарчысы», 21 балл. (РИНЦ)ИЦРИде индекстелет (макалага коюлган талаптар 2-тиркемеде);

Макалага катышуу билдирмеси менен бирге файл катары №1- тиркеме тиркелет

Макалаларды Deadlineкабыл алуу: 2023- жылдын 13-февралына чейин кабыл алынат

Конференциянын өтүү форматы: онлайн жана офлайн.

Конференциянын кеңири программасы формага салынып, конференциянын катышуучуларына кабыл алуу билдирмелери жана докладдары (макалалары) бүткөндөн кийин №2 – маалым кат аркылуу таркатылат.

  №1- тиркеме

Катышуучулар тууралуу маалымат

Аты-жөнү

 

Иштеген орду

 

ЖОЖдордун, институттардын, орто кесиптик окуу жайлардын дареги

 

Кызматы/статусу

 

Илимий даражасы, окумуштуулук наамы 

 

Электрондук дареги

 

Байланыш телефону

 

Секциянын аталышы

 

Докладдардын (макала) аталышы

 

2-тиркеме

АВТОРЛОР ҮЧҮН МАКАЛАЛАРДЫ КАТТООНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ

«КМТУ жарчысы» журналы

1. Биринчи бетине:

- макаланын аталышы, УОК (УДК) макаланын тематикалык рубрикатору;

- автордун аты, жөнү, макаланын аталышы, иштеген жери; телефон, электрондук дареги (3 тилде-кыргыз, орус, англис);

- 250-500 көлөмүндөгү белгилерден турган аннотация жана 5-7 ачкыч сөздөр-орус, кыргыз жана англис тилдеринде көрсөтүлөт;

Авторлордун саны, багыттар боюнча, төрт кишиден ашпоосу зарыл;

 2.        Текст төмөндөгүдөй бөлүмдөрдөн турушу керек:

а) Изилдөөнүн милдеттери жана маселелеринин абалын чагылдыруунун актуалдуулугу.

б) Алардын талкууларынын анализи, ыкмалары жана жыйынтыктары: изилдөөнүн жаңылыктары.

в) Жыйынтыгы жана корутундусу

г) Библиографиялык тизменин көлөмү 10 аталыштан ашпоого тийиш.

 3. Макаланын көлөмү:

 а) 24 миң белгиден ашпоого тийиш (4-7 барактан).

 4. Көрсөтмө материалдар:

а) Таблицалар өтө так, белгиленген графалар жана аталыштары менен даана көргөзүлүшү керек.

б) сүрөттөргө жана таблицаларга шилтемелер текстте тиешелүү жерлерде көрсөтүлөт;

в) ар бир сүрөт жана чийме өзүнүн түшүндүрмөсүн берип турушу зарыл;

6. Макала оңдоп-түздөөгө электрондук түрдө сунушталат. Кагаздын бир жак бетинде А-4 форматында, Word for Windows редакторунда, Times New Roman түрүндө, шрифттин: өлчөмү 12 кегль, 1 интервалы аркылуу, барактын узундугу боюнча түздөлүп, талаа: сол жагынан 30мм, оң жагынан 10мм, үстүнөн жана астынан 20 мм;

7. Макала атайын рецензенттин пикири менен кабыл алынат.

8. Илимий макалалардын сапатын жогорулатуу максатында «Плагиат» системасы колдонулат. Илимий макалалардын уруксат берилген оригиналдык чени 75% дан кем болбошу керек.

Көрсөтүлгөн талапка ылайык жасалбаган макалалар басмага кабыл алынбайт. 1 макаланын баасы-1800 сом. 2 макалага чейин берүүгө болот.

Эскертүү: Илимий макалага карата жоопкерчилик авторго (авторлорго) жүктөлөт.

Үлгү:

УДК 336.77+575.2(045/046)

А.А. Джуманалиева1 Н.К. Имангазиева2 А.С. Сыпабекова3

1КГТУим. И. Раззакова, Бишкек, Кыргызская Республика, ORCID: 0000-0002-0866-4253

2Кыргызско- Российский славянский университет им. Б.Ельцина, Бишкек, Кыргызская Республика, ORCID: 0000-0002-3324-1279

3Кыргызский Государственный технический университет им. И.Раззакова, Бишкек, Кыргызская Республика, ORCID: 0000-0002-1591-9832

A.A. Dzhumanalieva1, N.K. Imangazieva2 , A.S. Sypabekova3

1Kyrgyz State Technical University n. a. I. Razzakov

Bishkek, Kyrgyz Republic

2Kyrgyz-Russian Slavic University n. a. B. Yeltsin, Bishkek, Kyrgyz Republic

3Kyrgyz State Technical University n. a. I. Razzakov, Bishkek, Kyrgyz Republic

e-mail: Dalu96@mail.runurkyz-95kg@mail.ru sypabekovna07@mail.com

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ-КРЕДИТ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ КЕПИЛ МҮЛКТӨРДҮ САТУУ

РЕАЛИЗАЦИЯ ЗАЛОГОВОГО ИМУЩЕСТВА В ФИНАНСОВО-КРЕДИТНЫХ УЧРЕЖДЕНИЯХ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

METHODS OF SELLING COLLATERAL IN FINANCIAL AND CREDIT INSTITUTIONS IN THE KYRGYZ REPUBLIC

Макалада финансы кредитик мекемелердин ( мындан ары ФКМ) күрөө мүлкү менен иш алып баруунун теориялык жана практикалык багыттары изилденет. ФКМдин проблемалуу активдери менен иштөө этаптары кылдат каралды. ФКМдин күрөө менен иштөөсү боюнча негизги мыйзамдык талаптары көрсөтүлдү. ФКМдин күрөө мүлкү менен иш алып барууну жакшыртуу жолдору сунушталды.

Түйүндүү сөздөр: күрөө, күрөөгө баа берүү, күрөөлүк нарк, проблемалуу актив, күрөөнү сатуу, күрөө берүүчү, күрөө кармоочу.

В статье исследованы теоретические и практические аспекты работы финансово - кредитных учреждений (далее ФКУ) с залоговым имуществом. Подробно рассмотрены этапы работы ФКУ с проблемными активами. Указаны основные законодательные требования относительно работы ФКУ с залогом. Предложены пути совершенствования организации работы ФКУ с залоговым имуществом.

 Ключевые слова: залог, оценка залога, залоговая стоимость, проблемный актив, реализация залога, залогодатель, залогодержатель.

The article examines the theoretical and practical aspects of the Bank's work with collateral. The stages of the Bank's work with problem assets are considered in detail. The main legal requirements regarding the Bank's work with collateral are specified. Ways to improve the organization of the Bank's work with collateral are suggested.

Keywords: collateral, collateral valuation, collateral value, problem asset, collateral sale, mortgagor, mortgagee.

Макаланын тексти.....

......Адабияттардын тизмеси............

Адабияттардын тизмеси (Список литературы)

  1. Гражданский Кодекс Кыргызской Республики от 08.05.1996 года за №15 [Электронный ресурс] Режим доступа: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/4?cl=ru-ru
  2. Закон о залоге от 12 марта 2005 года за № 49 [Электронный ресурс] Режим доступа: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1644
  3. Закон о страховании недвижимого имущества» от 31.07.2015 года за №209 [Электронный ресурс] Режим доступа: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111253
  4. Закон КР от 24 июля 2015 года № 192 "Об обязательном страховании гражданско-правовой ответственности владельцев автотранспортных средств" [Электронный ресурс] Режим доступа: http://cbd.minjust.gov.kg/act/properties/ru-ru/111236/20
  5. Потапова Н. Финансовый анализ. Основные моменты кредитования [Электронный ресурс] Режим доступа: https://ru.b-ok2.org/book/3268026/4054f2
  6. Бархин Б.Г. Методика архитектурного проектирования [Текст]: учеб. метод. Пособие/ Б.Г. Бархин.- М.: Стройиздат, 2016. -438с.

 

МААЛЫМАТ КАТ


Oops, an error occurred! Code: 202407180358105e07382d