Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новости


И. Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта шаарындагы филиалында 2024-жылдын 5-мартында 66- эл аралык тармактык илимий-техникалык конференциянын биринчи этабы өткөрүлдү.

Конференцияда алгач филиалдын директору т.и.к., доц. Калчороев Алмас Качканакович куттуктоо сөзү менен баштап, катышуучуларга ийгилик каалады. Ал эми конференцияны филиалдын илимий иштери боюнча жооптуу кызматкери т.и.к.,доц. Алиев М.И. алып барды.

 Экинчи этапка мыкты докладдарды тандап алуу үчүн төмөнкү курамдагы комиссия мүчөлөрү түзүлүп, комиссиянын төрагасы: т.и.к.,доц. Алиев М.И., мүчөлөрү: т.и.к.,доц. Асылбеков Н.С., ага окутуучу Дубинина В.В. дайындалды.

 Конференцияга түшкөн жалпы 40 докладдан 25 угулду. Комиссиянын чечиминин негизинде экинчи этапка катышуу үчүн 12 доклад тандалып алынды.

Эл аралык конференциянын биринчи этабы филиалда жогорку деңгээлде өткөрүлдү.