2023-жылдын 28-сентябрында КМТУнун Кара-Балта шаарындагы филиалында диплом тапшыруу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чара КР Мамлекеттик Гимни менен ачылып, алгач филиалдын директору т.и.к. доцент Калчороев Алмас Качканаковичтин куттуктоо сөзү менен башталды. Алмас Качканакович бүтүрүүчүлөргө арнаган каалоо-тилектерин билдирип, филиалдын жалпы жамаатынын атынан ак жол каалап кетти. Диплом тапшыруу аземи концерттик программа менен жыйынтыкталды.