Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новости


2023-жылдын 7-мартында И.Раззаков атындагы КМТУнун чоң жыйындар залында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарада окуу жайдын илимий-педагогикалык, педагогикалык иш стажына ээ болгон, кесипкөйлүгүн көрсөткөн жана жогорку көрсөткүчтөргө жеткен, билим берүү тармагында иши боюнча жаза салынбаган, студенттердин терең билим алышын камсыз кылган мыкты окутуучулар жана окуу жайда эмгектенген кызматкерлер сыйланышты.

Ак ниеттүү үзүрлүү эмгеги, билим берүү ишмердүүлүгүнө кошкон салымдары үчүн И.Раззаков атындагы КМТУнун Сыйлыктар боюнча комиссиясынын 24.02.2023-ж. чечиминин (№ 7 протокол) негизинде Кесиптик орто билим берүүнүн (Колледж) окутуучусу Уметалиева Арзыкан Таштанбековна И.Раззаков атындагы КМТУнун «Ардак грамотасы» менен сыйланды. Жана ошондой эле Кесиптик орто билим берүүнүн (Колледж) окуу бөлүмүнүн башчысы Эсенбаева Назгул Ишенбековна жана Кесиптик орто билим берүүнүн (Колледж) окутуучулары Сагынбек кызы Мэрим, Эсенгулова Гулназ Туратбековна эмгек китепчесине жазуу менен «Алкыш» жарыялоо сыйлыгына татыктуу болушту.

Татыктуу сыйлыктарды алышкан кымбаттуу кесиптештерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз жана бекем ден-соолук каалоо менен иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.