2023-жылдын 17-февралында И.Раззаков атындагы КМТУнун КОББ (Колледжинде) «Эне тилди барктайлы» темасында ачык сабак болуп өттү.
Эл аралык «Эне тили» күнүнө карата өткөрүлгөн ачык тарбиялык саат ОК-12-22 тобунда өткөрүлдү.
Сабактын максаттары:
- Эне тилин барктоо үчүн ар бир кыргыз жаранынын жан дүйнөсүн байытуунун жолдорун үйрөнөт.
- Эне тилин жатык сүйлөө менен ар кандай чөйрөдө колдоно билет.
- Эне тилин сүйүүгө, өрчүтүүгө, өзгөчөлүгүн сезе билүүгө тарбияланат.
Сабактын тиби:
Пикир алышуу (баарлашуу). Студенттерге эне тилди сактоо үчүн атайын таяныч схемасы сунушталат. Студенттердин өздөрү даярдаган слайд-шоулары көрсөтүлөт.
Таяныч схемасы:
- Китепкана – жан дүйнөнүн азыгы.
- Театр – таланттар үйү.
- Кыргыз элинин залкарлары, даанышмандары.
- «Манас» эпосу – кыргыз элинин улуттук сыймыгы.
- Кыргыздын колдонмо-жасалга өнөрү.
- Кыргыздын каада-салттары.
- Элдик оозеки чыгармачылыктын бай казынасы – макал лакаптар.
- Кыргыз эли ааламдашууда.
И.Раззаков атындагы КМТУнун КОББ (Колледж) окутуучусу Жайылов Нуркалый Сагымбаевич
Студенттер даярдаган видео-ролик Instagram баракчабызда, шилтеме https://www.instagram.com/reel/Co7nYoqoUgl/?igshid=OWZlYjUyNWM=