Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новости


 “Fashion Hackathon 2024” долбоору

   🔹 25-майда USAIDдин ишкердикти жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү долбоорунун колдоосу жана “Айлин” фабрикасы менен биргеликте Текстилди өнүктүрүү борбору (ТӨБ) тарабынан “Fashion Hackathon 2024” долбоору уюштурулду.

   🔹 “Fashion Hackathon” – бул Кыргыз Республикасындагы биринчи жана уникалдуу долбоор. Анын негизги миссиясы жана милдети жаш кадрлардын беделин (имидж) көтөрүү жана даярдоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле өлкөнүн текстиль жана тигүү тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон таланттарды аныктоо.

  🔹Бул долбоорго И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин окутуучусу Аманова Нурзада Суйуналиевнанын жетекчилиги астында “Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы адистиктеринин” студенттери Асангожоева Бурулкан, Садиева Ясмин, Ренадов Аймир катышышты. Ар кайсы окуу жайлардан (университет, лицей, колледж) тандалып алынган 36 конкурсанттын (дизайнерлер, конструкторлор, технологдор) ичинен, ТӨБнүн эксперттери тарабынан 10 команда түзүлдү.

  Биздин колледждин студенттери төмөндөгүдөй жемиштүү жетишкендиктерге жетишишти:

  •  Садиева Ясмин (түзүлгөн команданын курамында) 1-орун  + 1500$ өлчөмүндөгү акчалай сыйлык;
  •  Ренадов Аймир (түзүлгөн команданын курамында) “Технологдордун мыкты командасы" номинациясында сертификат + 10000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык;
  •  Асангожоева Бурулкан долбоорго активдүү катышкандыгы үчүн сертификат.

   🔹 Мындай долбоорлордун натыйжасы катышуучулар үчүн өзгөрүп турган заманбап коомдун социалдык-экономикалык шарттарында өздөрүн кесипкөй, чыгармачыл, атаандаштыкка жөндөмдүү адис катары сыноого, алган билимдерин, көндүмдөрүн жемиштерин татууга чоӊ мүмкүнчүлүк түзүп берди.

   🔹 Белгилей кетсек, 1-орундун жеӊүүчүлөрү тарабынан тигилген кийимди Jannat Regency мейманканасынын кызматкерлери киймекчи.

Бардык катышуучуларды жана өзгөчө биздин колледждин студенттерин, жетекчиси Нурзада Суйуналиевнаны бул жетишкендиктери менен куттуктайбыз! Мындар ары да көптөгөн ийгиликтерди багындыра бергиле демекчибиз.

Ал эми  “Fashion Hackathon 2024” долбоорунун уюштуруучларына тереӊ ыраазычылык билдиребиз!