Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новости


Бишкек техникалык колледжинин жамааты дүйнөдөгү эң ажарлуу, акылдуу, келбеттүү, кайталангыс айымды куттуктап жатканыбызга кубанычтабыз.

70 жаш  кутман курагыңыз кут болсун!!!

    Сиз сүйкүмдүү, боорукер, шайыр аялзатысыз. Жашооңузда ар дайым кубаныч жана сүйүү  нурлары жайнап турсун, ар бир күн өзү менен кошо ийгилик жана жаркын бакыт алып келсин.Өмүрлүк жарыныз менен уулдан урмат, кыздан кызмат көрүңүз!

Куттуу болсун сиздин өздүк майрамыныз, 

Көңүл шат көтөрүлсүн маанайыныз!

Көп жакшылык түгөнбөгөн ырыскы

Чың ден-соолук, узун өмүр каалайбыз!

 

Ала-тоодой асман тиреп башыңыз,

Куттуу болсун асыл курак жашыңыз.

Токсон,  жүздүн дасторконун кең жайып

Андан дагы аркы белди ашыңыз!

Туулган күнүңүз менен!!!

Бул Сиздин эң улуу, эң сонун жылыңыздын башталышы деп ишенебиз!

БТК жамааты  11.01.2023ж