Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новости


Бүгүн, 24-октябрда, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселелери» аттуу форум өтүп жатат. Иш-чарада жогорку окуу жайларда кыргыз тилин окутуунун абалы жана аны жакшыртуу жолдору талкууланууда.

Форумга Билим берүү жана илим министри Д.Ш. Кендирбаева, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К. Мураталиев, ЖОЖдордун ректорлору жана эксперттер катышууда.

Форумдун негизги талкуулары ЖОЖдордогу окутуу тилдеринин көйгөйлөрүнө, кесипке багытталган иш кагаздарын окутуу курстарын киргизүүгө, окуу куралдарын даярдоо жана которуу иштерине, ошондой эле кыргыз тилин эне тил, экинчи тил жана чет тили катары окутуу маселелерине багытталды.

Бул иш-чара мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошумча түрткү болуп, анын билим берүү тармагындагы ордун бекемдөөгө жана жогорку окуу жайлардын программаларына жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүгө шарт түзмөкчү. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү — улуттук келечекти бекемдөө!

Билим берүү жана илим министрлиги

#КМТУ


СПИСОК ППС, ДОПУЩЕННЫХ К КОНКУРСУ НА ЗАМЕЩЕНИЕ ВАКАНТНЫХ ДОЛЖНОСТЕЙ КГТУ ИМ. И. РАЗЗАКОВА / НА ПРИСВОЕНИЕ УЧЕНОГО ЗВАНИЯ ВАК КР

Заседание конкурсной комиссии: 13.02.2023 г. в 15.30 ч., Конференц-зал Конкурсные выборы состоятся на заседании Ученого совета КГТУ: 22.02.23 г. в 14.00, Конференц-зал