Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Творческие коллективы и кружки по интересам


“УСТА” элдик бий ансамбли  2000-ж., түзүлгөн;  50 ашуун студенттер катышат, негизги түзүмдү 16 жуп балдар-кыздар түзөт, ЖОЖдун чыгармачылык топторунун арасында ири коллектив деп таанылган.  Репертуары дүйнө элдеринин бийлерине бай: кыргыз, орус, казах, испан, индия, түркмөн, түрк, өзбек ж.б; 
КР маданият жана маалымат министрлигинин коллегиясынын чечими менен 2005-ж., 6- июлунда «УСТА» бий ансамблине- «Элдик коллектив» наамы ыйгарылган.

 

“Таланттар академиясы” элдик фольклордук коллективи  2002-ж., түзүлгөн, түзүмүндө 35 жакын студенттер катышат. Белгилей кетүүчү нерсе, коллективдин катышуучулары элдик аспаптардын  бир нече түрүндө: комуз, ооз комуз,кыл кыяк, чоор,чопо чоор, ж.б. чебер ойношот. 
         КР Маданият жана маалымат министрлигинин коллегиясынын чечими менен «Таланттар академиясы» ансамблине «Элдик коллектив» наамы ыйгарылган.   
Аталган коллективдердин чыгармачыл  топтору жыл сайын ар түрдүү иш-чараларга катышышат:

  1. Студенттик өздүк көркөм чыгармачылыктын «Студенттик жаз-2003, 2004, 2005, 2006, 2007, 2008, 2009, 2010, 2011, 2012, 2013, 2017 фестивалдарында;
  2. Жаңы жылдык студенттик бал;
  3. Нооруз;
  4. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү;
  5. Кайрымдуулук акцияларында: эл аралык карылар күнү;эл аралык балдарды коргоо күнү; (концерттик программалары менен катышуу)
  6. Эл аралык “Эне тилим – эне сүтүм” сынагына катышуу;
  7. Ыр-Кесе – 2004,2005-ж.ж., райондук  жана  шаардык сынактарда;
  8. Чет элдик делегацияларды тосуу.