29 ноябрда 2019ж. И. Раззаков атындагы КМТУнун Чоң салтанат залында Технология факультети окуучулар үчүн «Ачык эшиктер күнүн» уюштурушту. Окуучулар үчүн атайын даярдалган, кафедра боюнча кыскача видеоролик көрсөтүлдү.Ошондой эле өткөрүлгөн иш-чарада мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн сырткары жумуш берүүчүлөр дагы катышып, университеттин бүтүрүүчүлөрү менен байланыш түзүүгө шарттар жаратылып, өздөрүн дагы кенири тааныштырышты. Мындан тышкары окуучулар баарлашууда активдүү катышып, аларды кызыктырган суроолорго жооп алышты.