Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Салиева Зиядат Талипбаевна


Салиева Зиядат Талипбаевна
Улук окутуучусу

Салиева З. Т. 1997-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы» адистигин аяктаган.

2008–2019-жылдары университетте төмөнку кызматтарда иштеген: 2008-2009-жылдары окуу мастери, 2009-2014-жылдары лаборатория башчысы, 2014-жылы «Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы» кафедрасына окутуучу болуп, 2017-ж. улук окутуучулук кызматына которулган.

Лекцияларды, лабораториялык жана практикалык иштерди өткөрөт, курстук долбоорлорду жана бүтүрүүчү квалификациялык иштерди  жогорку денгээлде жетектейт. Илимий-изилдөөчүлүк жана усулдук иштер менен активдүү алектенет.

16 эмгеги иштелип жана басылып чыккан, алардын ичинен 8 илимий жана 8 усулдук иштер.

Бардык төмөнкү окутулуучу курстар боюнча окуу-усулдук комплекстер жана лекциялык материалдар иштелип чыккан: «Органолептикалык анализ», «Чийки зат/сүт чийки азыктарынын курамы жана касиеттери», «Кычкыл сүт азыктарын өндүрүүдөгү биотехнологиялык негиздер», «Балдар азыктарын өндүрүүнүн  биотехнологиясы»,  «Тамак-аш өндүрүүдөгү биотехнологиялык процесстер», «Тамак-аш химиясы», «Биотехнологиялык өндүрүштөрдү долбоорлоо», «Өндүрүштүк продуценттердин биотехнологиясы», «Валеологияга киришүү» .

Салиева З. Т.  кенже жана улуу курстарга куратор жана академиялык насаатчы катары, жаштарды тарбиялоодо үзүрлүү эмгектенет. 

ORCID: https://orcid.org/0000-0002-7615-620х

WoSHNR-4713-2023

Google Scholar:Зиядат Салиева Талипбаевна


Телефон: 54-51-63

Кабинет: корпус №1, аудитория 1/320

e-mail: salieva73@kstu.kg

Стаж работы: 10 жыл