Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Куленбекова Айнура Советовна


Куленбекова Айнура Советовна
Лаборатория башчысы

1998 жылы Бишкек политехникалык институтунун «Сүт жана сүт азытарынын технологиясы» адистигин бүтүргөн. Институтту аяктагандан кийин эмгек жолун И. Арабаев атындагы КМПУга караштуу ГББИде ЭВМдин оператору, лаборатория башчысы кызматынан баштаган. 2007 жылдан 2008 жылга чейин И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде лаборант, 2008 жылдан азыркы убакка чейин – лабораториянын жетекчиси болуп иштейт. 2018 жылдан баштап окутуучулукту айкалыштырып иштөөдө, “Тамак–аш химиясы”, “Тамак-аш кошулмалары жана БАК”, “Май азыктарынын жалпы технологиясы”. “Чийки зат (Сүт чийки азыктарынын курамы жана касиети )”, “Азыктардын илимий жана функционалдык тамак-аш компоненттери”, “Тамак-аш азыктарынын сапаттарын химиялык текшерүү” сабактарынан лабораториялык иштерди өткөрөт.

Куленбекова А. С. дайыма өзүнүн квалификациясын эл аралык жана республикалык семинарларга катышып жогорулатып келет.

Кафедранын коомдук иштерине катышат, “Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы” багыты боюнча топтордун, аралык окуу жана магистранттардын академиялык кеңешчиси жана куратору.


Телефон: 54-51-63

Кабинет: 1/311

e-mail: kulenbekova@kstu.kg