Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Бавланкулова Канайым Джумаковна


Бавланкулова Канайым Джумаковна
Биология илимдеринин кандидаты, «ТАӨТ» кафедрасынын доценти

Бавланкулова К.Д. 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн.

1988-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунда споралуу өсүмдүктөр лабораториясында кенже илимий кызматкер болуп иштеген. 1989-1990-жылдары Азербайжан ССР Илимдер академиясынын Микробиология институтунда илимий стажировкадан өткөн.

1994-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун аспирантурасын аяктаган.

1998-2000-жылдары ОшМУнун Табигый география факультетинин экология жана жалпы биология кафедрасында ага окутуучу болуп иштеген.

2002-2004-жылдары ПРООНдун «Экология» экологиялык долбоорунун жетекчиси болгон.

2004-жылдан 2018-жылга чейин - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун микология жана фитопатология лабораториясынын улук илимий кызматкери. 2018-жылдан бери - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун микология жана фитопатология лабораториясынын башчысы. 2018-жылдан азыркы учурга чейин КР УИАнын Биология институтунун жана К. Тыныстанов атындагы  ЫМУнун алдындагы  «Ботаника», «Зоология», «Экология», «Биологиялык ресурстар» адистиктери боюнча докторлук (кандидаттык) диссертацияларды диссертациялык коргоо кеңешинин окумуштуу катчысы.

2006-2010-жылдары - Ж.Баласагын атындагы КУУнун биология факультетинин ботаника жана өсүмдүктөр физиологиясы кафедрасынын доценти болгон.

2019-жылдан бери Тамак-аш өндүрүшүнүн технологиясы кафедрасында иштеп, Клеткалык биотехнология, Тамак-аш биотехнологиясы, Тамак-аш химиясы багыттары боюнча сабактарды берет.

Бавланкулова К.Д. микология, фитопатология, экология, өсүмдүктөрдү коргоо биометоддору, жогорку өсүмдүктөрдүн флорасы жана козу карындар тармагындагы квалификациялуу адис. Анын 1 монографиясы, 44 илимий эмгеги, анын ичинде 2 сунушу жарык көргөн. Улуттук илимдер академиясынын системасындагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.


Кабинет: Имарат 1, ауд. 1/308

e-mail: kbavlankulova@kstu.kg

Стаж работы: 25