Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Сабырбекова Айнагул


Сабырбекова Айнагул
Лаборант

Айнагул Сабырбекова Фрунзе политехникалык институттун «Сүт жана сүт азыктарынын техноло-гиясы» адистиги боюнча 1982-жылы аяктаган.  1982-1990 жж. Фрунзе сүт комбинатында жумушчу, кам каймак жана быштак чыгаруу цехинде мастер, өндүрүш бөлүмүнүн инженер-технологу, 1990-1994 жж. КР эмгек министрлиги астындагы ИИИде инженер-методист, 1999-2014 жж. КА ААКда мастер болуп иштеген, 2014-ж. И. Раззаков атындагы КМТУнун «Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы» кафедрасында лаборант, окутуучу, И. Раззаков атындагы КМТУнун астындагы ИИХТИнун тамак-аш технологиясы бөлүмүнүн кенже кызматкери болуп иштейт. Бакалаврларды, магистрантарды өз убагында лабораториялык иштер, ошондой эле аспиранттарды материалдык ресурстар жана окуу-усул куралдары менен камсыздайт.  Кафедранын илимий изилдөө иштерине активдүү катышат. Лабораторияны тиешелүү санитар-гигиеналык абалда кармайт. Өрткө каршы абалга жооп берет.  Лабораториялык журналдарды толтурулушун көзөмөлдөт. Сүт өнөр жайы үчүн бакалаврларды даярдоодо окутуучу катары сабактардын лабораториялык иштеринин негизги курсун алып барат. Бүтүрүүчү квалификациялык иштерин жетектейт. 2 окуу-усулдук жыйнагын чыгарган. Окутуучу ишмердүүлүгү убактысында жаш муундарды тарбиялоодо активдүү эмгектенет.


Телефон: 54-51-63

Кабинет: корпус № 1, аудитория 1/318

e-mail: Sabyrbekova@kstu.kg

Стаж работы: 42 жыл