Мамбетова Анар Шергазиевна
Доцент
1982 Фрунзедеги политехникалык институттун сүт жана сүт азыктары адистигин аяктаган.
1982-жылдан 1985- жылга чейин, Фрунзедеги сүт комбинатында жумушчу, мастер болуп иштеген. 1985-жылдан 1991-жылга чейин Түптөгү АОЖК кесиптик бирлик кызматкерлеринин райондук комитетинин жооптуу катчысы, 1991-жылдан 1997-жылга чейин КМТУнун тамак-аш азыктарынын технология кафедрасынын мугалими. 1998-жылдан 2009-жылга чейин "Elvest" КА ААКнун технологу. 2010-жылдан 2013-жылга чейин улук окутуучусу, 2014 жылдан баштап И. Раззаков атындагы КМТУнун тамак-аш азыктарын өндүрү кафедрасынын доценти, ХТИИИ илимий кызматкери.
Сүт өнөр жайы үчүн билими жогорку сапаттагы маристлерди жана бакалаврларды чыгарыш үчүн: сүт жана сүт азыктарынын технологиясы, майдын технологиясы, сырдын технологиясы, сүт консервалардын технологиясы, тамактануу илими жана функционалдык азык компоненттери, даяр сүт азыктарынын сапатын контролдоосу, долбоор жана долбоордук изилдөө, жаны сут азыктарын иштеп чыгуусу жана башка негизги курстарды өткөрөт.
Студенттердин курстук жана дипломдук долбоорлоруна, илимий изилдөө иштерине көзөмөл жүргүзөт. Студенттер үчүн 9 окуу-усулдук иштери жарыяланган.
"Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү, саламаттыкты сактоо, жергиликтүү ресурстарды коргоо сарамжалдуу пайдалануу" маселенин үстүндө иштеп жатат. Изилдөө жыйынтыктары боюнча 14 илимий эмгектер (макалалар, эл аралык жана улуттук жыйындардын материалдары, докладтардын тезистери, билим беруу адабияттары) жана 3 патент жарыяланган.
Иштоо мезгилинде жаштарга билим берүү жана алардын тарбиялоосу менен алектенет.
ORCID: https://orcid.org/ 0000-0002-6014-5557