Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Мусульманова Мукарама Мухамедовна


Мусульманова Мукарама Мухамедовна
Минбар башчысы, техника илиминин доктору, профессор

Мусульманова Мукарама Мухамедовна 1974-ж. Фрунзе политехникалык институтунун технологиялык факультетин аяктап, илим-изилдөө мекемелеринде иштөөгө жолдомо алган. 1975-ж. Фрунзе политехникалык институтунун эт жана сүт азыктарынын технологиясы минбарында улук лаборант болуп эмгектенген. 1975-1987-жж. Кыргыз ССРинин илимдер Академиясынын органикалык химия Институтунда инженер, кенже илимий кызматкер, өсүмдүк заттарынын технологиясы жана химия лабораториясында илимий кызматкер болуп эмгектенген. 1980-ж. «Жогорку молекулярдык бирикмелердин химиясы» адистиги боюнча изилдөөнүн үстүндө химия илиминин кандидаты илимий даражасына диссертация жактаган. 1987-ж. азыркы мезгилге чейин И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы минбарында - окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, минбар башчысы болуп эмгектенет. Окутуу сүт жана сүт азыктарынын технологиясы тармагында илим-изилдөө менен айкалышат. 1995-ж. эт жана сүт азыктарынын технологиясы минбарында доцент илимий наамы ыйгарылган. 2006-ж. 05.18.04 – эт, сүт, балык азыктары жана муздатуу өндүрүшү адистиги боюнча доктордук диссертацияны жактаган. 2010-ж. «Технология» адистиги боюнча профессор илимий наамы ыйгарылган.

Бардык сабактарды жогорку денгээлде өткөрөт, магистранттардын, аспиранттардын, докторанттардын, изденүүчүлөрдүн илимий изилдөөсүн жетектейт, НИХТИнин диссертациялык кенешинин төрагасы, (РК) Алматы технологиялык университетинин диссертациялык кенешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын Президиумунун мүчөсү, 4 техника илимдеринин кандидатын даярдаган.

2012-жылдан азыркы убакка чейин GIZ уюму экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү Федералдык министрликтин (Германия) атынан ишке ашырылып жаткан «Орто Азиядагы кесиптик билим берүү» программасынын активдүү катышуучусу. Ошол мезгилде М. М. Мусульманованын катышуусу менен «Жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарын өндүрүү жана технологиясы» багыты боюнча билим берүү программасы (бакалавриат жана магистратура) иштелип чыгып, ишке киргизилген жана эл аралык аккредитациядан (ACQUIN, Германия) өткөн. Азыркы учурда GIZдин колдоосу менен «Өсүмдүктөрдөн алынган тамак-аш азыктарын өндүрүү жана технологиясы» багыты боюнча билим берүү программасынын үстүндө, ошондой эле тамак-аш технологиясы тармагында докторлорду (PhD) даярдоо боюнча иш жүргүзүп жатат.

220дан ашык илимий, окуу-усулдук иштер, алардын ичинен 9 монография, статьялар Россия Федерациясынын, Казак Республикасынын, Кыргыз Республикасынын илимий басмаларында жарыяланган, 22 ойлоп табуу, 3 окуу китеби, 2 терминалогиялык сөздүк, лабораториялык практикумдар басылып чыккан.

СССРдин ВДНХсынын коло медалы, «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» төш белгиси (1999-ж.), билим берүүдөгү ишмердүүлүктү өркүндөтүүдө ак ниеттүү эмгеги жана кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2005-ж), Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана илимди өндүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы (2005-ж), Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланган (2019-ж).

ORCID: https://orcid.org/0000-0002-4205-2875


Телефон: 54-51-63

Кабинет: №1 имарат, ауд.1/312

e-mail: mmusulmanova@kstu.kg

Стаж работы: 46 жыл