Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Корчубекова Тотукан Адылбековна


Корчубекова Тотукан Адылбековна
доцент, кандидат биологических наук, снс

Корчубекова Т.А. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин биологиялык факультетин (1984-ж.), КР УИА Биохимия жана физиология институтунун алдындагы аспирантураны бүтүргөн (1991-ж.).  Санкт-Петербург шаарында РФ СИА Эксперименттик медицина институтунда такшалмадан өткөн (1991-ж. октябры – декабры; 1992-ж. марты – июну).   1991-2000-жж. КР УИА Биотехнология институтунун жаныбарлардын биохимия лабораториясынын кенже илимий кызматкери, андан кийин улук илимий кызматкери болуп эмгектенген. 2001–2014-жж. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун окумуштуу катчысы болуп иштеген.   2004–2012-жж. “Физиология”, “Биохимия”, “Биотехнология”  адистиктер боюнча  докторлук (кандидаттык) диссертацияларды коргоо боюнча  Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы жана мүчөсү болгон (Д. 03.04. 262; Д.03.05.304; Д.03.10.418).

Корчубекова Т.А. физиология, биотехнология жаатында изилдөөнүн заманбап биохимиялык, иммунохимиялык ыкмаларын билген квалификациялуу адис. Ал тарабынан 42 илимий иш, анын ичинде 2 сунуш-көрсөтмө, 2 патент жарык көргөн.

Улуттук илимдер академиясынын системасындагы жемиштүү эмгеги үчүн КР УИАнын Ардак грамотасы, КР УИАнын Эмгек сиңирген кызматкери наамы менен сыйланган.

Корчубекова Т.А. “Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы” кафедрасында 2014-жылдан бери иштейт. “Биотехнология” багыты боюнча сабактарды берет, адистигинин профили – “Тамак-аш биотехнологиясы”. Бардык окутуулучу курстары боюнча окуу-усулдук комплекстер жана лекциялык материалдар иштелип чыккан: “Биотехнологиянын негиздери”,  “БАКтарды өндүрүү технологиясы”, “Биоконверсия жана биокоопсуздук”, “Генетика”, “Молекулярдык биологиянын жана гендик инженериянын негиздери”, “Тамак-аш азыктарын микронутриенттер менен байытуу”, “Тамак-аш өндүрүүдө колдонулган биотехнология” ж.б.

Студенттердин илимий-изилдөө иштерин, курстук жана бүтүрүүчү иштерин жетектейт. Студенттерге жардам катары 1 окуу жана 5 усулдук колдонмо басылып чыккан.

Кафедрада коомдук ишти аткарат.

ORCID: https://orcid.org/ 0000-0001-7837-6145

 


Телефон: 54-51-63

Кабинет: корпус №1, аудитория 1/320

e-mail: t_korchubekova@kstu.kg

Стаж работы: 6 жыл