Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Касымова Чолпон Казыбековна


Касымова Чолпон Казыбековна
Улук окутуучу

Касымова Ч.К. орто мектепти бүтүргөндөн кийин 1980-жылы Тамбов областындагы Мичуринск шаарындагы технологиялык техникумдун “Нан өндүрүшү” бөлүмүнө тапшырып, аны 1983 жылы бүтүрүп, Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы нан заводуна улук технолог болуп дайындалат. 1984-жылы Москва шаарындагы Бүткүл Союздук тамак-аш институтунун  сырттан окуу бөлүмүнө "Нан, кондитер жана макарон азыктарынын технологиясы" адистигине тапшырат.  Ал институтту  1991-жылы аяктаган. 1983- жылдан 1995-жылга чейин нан заводунда улук технолог болуп эмгектенет. 2005-жылдан 2009 жылга чейин Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин “Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы” кафедрасында  мугалим болуп ищтейт. 2010- жылдан баштап ушул күнгө чейин ушул кафедрада улук окутуучу болуп ищтейт.

Касымова Ч.К. кафедрада жетишерлик жогорку илимий-теориялык жана методологиялык денгээлде өзүнө бекитилген сабактары боюнча лекцияларды, лабораториялык иштерди, курстук долбоорлорду жана бүтүрүү иштерин алып барат. Кафедрада коомдук иш-чараларга активдүү катышат. 2010-жылдан бери кафедрада студенттердин илимий-изилдөө иштери боюнча иш алып барат. Анын  бул эмгеги университет тарабынан ыраазычылык баракчасы жана КМТУнун ардактуу грамотасы менен белгиленген.

ORCID: https://orcid.org/0000-0002-8034-2881

WoSHNP-4641-2023

Google ScholarCholpon Kasymova


Телефон: 54-51-63

Кабинет: корпус №1, аудитория 1/318

e-mail: kasymova@kstu.kg

Стаж работы: 19 жыл