Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Джамакеева Анара Джекшеновна


Джамакеева Анара Джекшеновна
Техника илимдеринин кандидаты, КМТУнун профессору

Джамакеева А.Д. Фрунзе политехникалык институнун технологиялык факультетин «Эт зана Эт азыктарынын технологиясы» адистиги боюнча 1987 ж. аяктаган. Институтту аяктаган соң, Фрунзе этконсерва комбинатында колбаса цехинин чебери кызматында 2 жыл эмгектенген. 1989 жылдан бери Фрунзе политехникалык институнда, азыркы И.Раззаков атындагы КМТУ де окутуучу, 1997 жылдан бери – ага окутуучу, 2004 жылдан бери доцент, 2014 жылдан бери «Тамак аш азыктарын өндүрүү технологиясы» кафедрасынын профессору болуп иштейт. 2002 ж. диссертациясын жактаган, 30.05.2002 ж. ага техника илимдеринин кандидаты илимий даражасы ыйгарылган жана 3.07.2006 ж. КР нын УАК нин чечими менен «Технолог» адистиги боюнча доцент илимий наамы берилген. Джамакеева А.Д. – көптү билген жана такшалган адис. Лекциялык сабактарды проекциялык техниканы колдонуу менен, лаборатордук жана практикалык сабактарды, курстук жана дипломдук долборлоону жетиштүү жогорку илимий-теоретикалык жана усулдук деңгээлде өтөт. Илимий изилдөө жана усулдук иштер менен активдүү алектенет. Джамакеева А.Д. бардык окуган сабактары боюнча лекциялык курстарды жана бакалавр студенттери үчүн 15 ОУК иштеп чыккан: илимий изилдөө тармагы – жакшыртылган функционалдык касиеттери менен эт азыктарынын технологиясын иштеп чыгуу. Джамакеева А.Д. – аспиранттардын жана магистранттардын диссертацияларынын илимий жетекчиси. Технологиялык факультеттин Окуу Усулдук Кеңешинин мүчөсү жана «Керектелүүчү товарлардын жана тамак аш азыктарынын өндүрүшү жана технологиясы» ОУБ №4 секциясынын жетекчисинин орун басары. Джамакеева Анара Джекшеновнанын бардык окутуучулук ишмердүүлүгүнүн аралыгында 92 илимий усулдук иштери жарыяланган: алардын 71 и илимий жана 21 и усулдук мүнөздө, анын ичинде 3 монография, ББИМ нин мөөрү менен 8 окуу каражаты, КР нын 5 патенти бар. Ал эл аралык жана аймактык конференцияларга активдүү катышат жана студенттер менен илимий изилдөө иш чараларында да активдүү иш алып барат. Джамакеева А.Д. тарабынан студенттер менен авторлоштукта 11 макала жарыяланган, КР нын 4 патенти алынган. Сыйлыктары: КР нын ББИМ нин, И.Раззаков атындагы КМТУ нин ардак грамотасы (2009 ж.), «КР билим берүүнүн отличниги» төш белгиси (2011 ж.). 2017 ж. «КМТУ нун профессору» наамын алган.

Джамакеева А.Д. Технологиялык факультеттин ОУК мүчөсү катары факультетте, кафедрада коомдук иштерди аткарат.

ORCID: https://orcid.org/0000-0002-0866-4253


Телефон: 54-51-63

Кабинет: корпус 1, ауд.1/310

e-mail: adjamakeeva@kstu.kg

Стаж работы: 30 жыл