Нооруз майрамын майрамдоо.
Нооруз келди, тынчтык менен ыр менен,
Жетелешип жазгы жумшак жел менен.
Ырыскыны алып келип элиме,
Кут төгүлүп, агып турат жергеме.
Нооруз келди нурга бөлөм жаз айын,
Биз күтөбүз ушул күндү жыл сайын.
Таттуу уйкудан жаратылышы ойгонуп,
Бүт айлана жанданууда күн сайын, деп акындарыбыз ыр жазгандай, мына Нооруз майрамы да келди.
Улуттук майрамга арналып 2024-жылдын 21-мартында Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду. Анын ичинде ыр бий коштогон институттар арасында «Улуттук тамак-аштар» сынагы болуп, университет шанга болонду.
Майрамдык иш чараларга Кыргыз Техникалык Герман институтунун кафедралары менен бирге «ТАӨМА» кафедрасы сынакка активдуу катышып, кафедранын жалпы жамааты биргелешип жайган дасторкондо быжы, каттама, боорсок, улуттук суусундуктар жана башка озгочо кыргыздын тамактары жайнатылды.
Новость
KSTU benannt nach I. Rassakow
Institute
Fakultät für Verkehrswesen und Maschinenbau
Autotransport
Новости
KSTU benannt nach I. Rassakow Institute Fakultät für Verkehrswesen und Maschinenbau Autotransport Новости