Общественная жизнь филиала
Состав студенческого совета
И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалында 2026-жылдын
15-апрель күнү “Ачык эшиктер күнү” иш-чарасы жогорку деңгээлде уюштурулуп, ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты — бүтүрүүчү окуучуларга окуу жай тууралуу кеңири маалымат берүү, кесип тандоого багыт берүү жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу болду.
Иш-чарага шаардагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү, алардын ата-энелери, ошондой эле билим берүү тармагындагы өкүлдөр катышышты. Коноктор окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окуу процесси, адистиктер жана окуу шарттары менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Программа алкагында окуу жайдын жетекчилиги тарабынан куттуктоо сөздөр айтылып, окуу жайдын жетишкендиктери, алдыдагы максаттары тууралуу кеңири маалымат берилди. Андан соң ар бир адистик боюнча атайын бурчтар уюштурулуп, мугалимдер жана студенттер тарабынан презентациялар, мастер-класстар өткөрүлдү. Бул иш-чаралар келечектеги абитуриенттерге өз кызыгуусуна жараша кесип тандоого чоң жардам берди.
Мындан тышкары, коноктор үчүн экскурсия уюштурулуп, окуу корпустары, лабораториялар, китепкана жана башка шарттар көрсөтүлдү. Студенттер тарабынан даярдалган маданий программа тартууланып, ыр-бийлер, сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.
“Ачык эшиктер күнү” иш-чарасы катышуучуларга жагымдуу таасир калтырып, окуу жай тууралуу оң пикирлерди жаратты. Бул иш-чара жаштарды туура багытка үндөп, билим алууга болгон кызыгуусун арттырууга чоң өбөлгө түздү.
И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалында 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата окуу жайда “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” аттуу студенттер аралык мелдеш жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Аталган иш-чаранын негизги максаты – жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, аскердик тартипке, чыдамкайлыкка жана эр жүрөктүүлүккө үндөө болуп саналат. Мелдешке окуу жайдын студенттери активдүү катышып, өздөрүнүн күчүн, шамдагайлыгын жана билим деңгээлин көрсөтө алышты.
Иш-чарага аскердик бөлүмдөн жоокерлер, командирлер жана жетекчилер келип катышып, студенттерге өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, мекенди коргоонун ыйык милдет экендигин баса белгилешти. Алардын катышуусу мелдештин маанисин арттырып, жаштарга чоң мотивация берди.
Мелдеш ар түрдүү этаптардан туруп, анда катышуучулар физикалык даярдыгын, аскердик көндүмдөрүн жана командалык иштөө жөндөмүн сынашты. Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчкө жетишкен командалар аныкталып, уюштуруучулар тарабынан сыйланышты.
Бул иш-чара студенттердин патриоттук сезимин күчөтүп, мекенге болгон сүйүүсүн арттырууга чоң салым кошту.
2025-жылдын 12-декабрында И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалында “Улуттук адабият күнү жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата бир катар ачык сабактар, маданий-аңгемелешүү жана тарбиялык иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чаралардын алкагында:
“Ч.Айтматов — дүйнөлүк деңгээлдеги инсан” аттуу ачык сабактар өткөрүлүп, студенттер жазуучунун чыгармаларындагы философиялык тереңдик жана гуманизм темасы боюнча талкуу жүргүзүштү.
Презентациялар аркылуу жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы кеңири чагылдырылды.
Бул иш-чаралардын негизги максаты — улуттук адабиятты даңазалоо, жаштарды руханий өнүгүүгө үндөө жана Айтматовдун мурасын терең түшүнүүгө шарт түзүү болуп саналат.
И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалы 2025-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын ишке ашыруу менен биргеликте кыргыз элинин уңгу жолун улоо, нарктуулугун сактоо, ата-бабаларды эскерүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында окуу жайдын директору Өзүбекова Р.А жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча адис Ырысбаева Г.А студенттерди Токтогул районундагы Чоң-Арык, Чолпон-Ата, Мазар-Суу айылдарындагы Т.Сатылганов , Ж.Бөкөнбаев, К.Досуев өңдүү залкар аталарыбыздын музейине алып барып келишти.
Студенттерибиздин тарыхый жана маданий мурастар менен таанышуу максатында уюштурулган музейге баруу иш-чарасын колдоп, көмөк көрсөткөндүгү үчүн
Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаевичке, шаардык кеңештин төрагасы Чыңгыз Алманбетовичке, аппарат жетекчиси Айша Токтосуновнага жана Токтогул ГЭС Каскадынын жетекчиси Амангелди Ормоновичке , Камбар-Ата ГЭСтин жетекчилерине терең ыраазычылык билдиребиз!
Бул колдоо студенттерге дем берип, алардын руханий дүйнөсүн байытууга өбөлгө болду.
И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалынын студенттери адистик багытында алган теориялык билимдерин бекемдөө жана өндүрүштүк тажрыйба алуу максатында Токтогул ГЭСине жана Курпсай ГЭСине практика барып келишти
Практика учурунда студенттер
- ГЭСтин иштөө принциптери менен жеринен таанышышты.
- Энергетикалык жабдуулардын түзүлүшүн жана коопсуздук эрежелерин өз көздөрү менен көрүп билишти.
- Иштеп жаткан адистерден пайдалуу кеңештерди жана маалыматтарды алышты.
Бул сапар студенттер үчүн чоң тажрыйба болуп, келечектеги кесиптик багытын бекемдөөгө өбөлгө түздү. Окуу жайдын жетекчилиги мындай өндүрүштүк байланыштар аркылуу билим берүү менен практиканы айкалыштыруу аракетин улантууда.
Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү максатында тактикалык-практикалык машыгуу
2025-жылдын 28-октябрында И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалында өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү максатында тактикалык-практикалык машыгуу өткөрүлдү.
Иш-чарага университеттин администрациясы, окутуучулар, техникалык кызматкерлер жана студенттер активдүү катышты. Машыгуу учурунда өрт чыккандагы эвакуациялоо жолдору, шашылыш кырдаалдарда өзүн алып жүрүү эрежелери, куткаруучу топтор менен иштешүү жана алгачкы жардам көрсөтүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.
Машыгуу ӨКМнын кызматкерлери жана өрт өчүрүү бөлүмүнүн адистери менен биргеликте уюштурулуп, чыныгы кырдаалга жакын шартта өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө өрт чыккан учурдагы аракеттер, эвакуациялык жолдордун ачык болушу жана коопсуздук эрежелеринин сакталышы текшерилди.
Бул машыгуу студенттердин жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууда практикалык көндүмдөрдү жогорулатууга өбөлгө түздү.
10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү
И.Раззаков атындагы КМТУнун филиалынын студенттери 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата өткөрүлгөн шаардык иш-чарага активдүү катышышты.
Иш-чаранын алкагында:
- Жаштардын чыгармачылыгын колдогон көргөзмөлөр, концерттик программалар уюштурулду;
- Патриоттук рухтагы ырлар, сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү;
- Жаштар үчүн интеллектуалдык жана мотивациялык оюндар өткөрүлдү.
Майрамдык иш-чара жаштарды ынтымакка, достукка жана жигердүүлүккө үндөп, биримдиктин символуна айланды. Студенттердин демилгелери жана активдүүлүгү жогорку баага татыды.
17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнү
И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалында 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнү белгиленип, студент жаштар үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында:
- Студенттерге арналган куттуктоо сөздөр айтылды;
- Ар түрдүү оюн-зоок, интеллектуалдык сынактар жана концерттик программа өткөрүлдү;
- Активдүү жана үлгүлүү студенттер ардак грамоталар менен сыйланышты.
Майрамдык иш-чара студенттердин чыгармачылыгын, биримдигин жана жигердүүлүгүн арттырып, жылуу маанайда өттү. Студенттер күнү – бул жаштык, энергия жана билимге умтулуу күнү экендиги дагы бир жолу тастыкталды.
Мугалимдер күнү
И.Раззаков атындагы КМТУнун филиалында 5-октябрь – мугалимдер күнү белгиленип, окутуучуларды урматтоо, эмгегин баалоо жана студенттердин ыраазычылыгын билдирүү максатында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө:
- Мугалимдерге арналган куттуктоо сөздөр айтылып, ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды;
- Студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды (ыр, бий, көркөм окуулар);
- Жаш мугалимдерге тажрыйбалуу агай-эжелердин насааттары айтылып, кесиптик баалуулуктар бөлүшүлдү.
Иш-чара жылуу маанайда өтүп, мугалимдердин коомдогу ролу, билим берүү системасындагы салымы дагы бир жолу бааланды
23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кара-Көл шаарындагы филиалында 2025-жылдын 23-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Акын тилди даңктасын” аттуу маданий-адабий иш-чара ийгиликтүү өткөрүлдү.
Бул иш-чара мамлекеттик тилдин баркын көтөрүү, тилге болгон сый-урматты арттыруу жана чыгармачыл жаштарды колдоо максатында уюштурулду.
Иш-чара алкагында окуу жайдын окутуучусу, акын Керимбаев Арзымат агайдын жаңы поэзия жыйнагынын бет ачары өттү. Китеп — эне тил, мекен, жашоо тууралуу терең ой жүгүртүүлөрдү камтыган чыгармалардан түзүлгөн.
Майрамдык салтанатка “Мурас” адабий чыгармачылык бирикмесинин өкүлдөрү да катышып, жаш акындар менен тажрыйба бөлүшүп, поэзия кечесине көрк кошушту.
Иш-чара жүрүшүндө студенттер жана меймандар көркөм ыр окуп, улуттук тилдин улуулугу тууралуу ой бөлүшүп, тил майрамы маданий-адабий майрамга айланды.
Билим күнү
И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалында
31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү жана 1-сентябрь — Билим күнү кеңири белгиленип, тарбиялык-мааданий иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — студенттерге өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхын таанытуу, мекенчилдик сезимди бекемдөө жана жаңы окуу жылына шыктандыруу болду.
Программада:
Эгемендүүлүккө арналган куттуктоо сөздөр жана патриоттук ырлар;
-Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы тууралуу баяндама;
-Окуу жайдын жетекчилигинин Билим күнү боюнча куттуктоосу;
-Жаңы кабыл алынган студенттер менен тааныштыруу жана мотивация берүү.
Бул иш-чара студенттердин духун көтөрүп, мекенге болгон сүйүүнү жана билимге болгон умтулуусун арттырды.
