Отдел бухгалтерии


 

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
2017-жылдын 29-июнундагы
№ 97-Б буйругу менен
бекитилген

Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча
ЖОБО

I БӨЛҮК. БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕПТИ УЮШТУРУУ ЖАНА ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча (мындан ары - Жобо) бюджеттик мекемелер үчүн бухгалтердик отчеттуулукту түзүү жана бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө бирдиктүү тартипти белгилейт.

2. Бухгалтердик эсеп ушул жобого ылайык, бюджеттик мекемелер тарабынан, эсептер планын милдеттүү түрдө колдонуу менен каржылоо булактары боюнча жүргүзүлөт.

3. Бюджеттик мекемелердин финансылык отчеттуулугун даярдоо үчүн маалымат булагы болуп, бухгалтердик эсептин регистринин маалыматтары эсептелет.

4. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен (мындан ары - Финансы министрлиги) макулдашуу боюнча жана өз ишинин өзгөчөлүгүн эске алып, бухгалтердик эсепти жөнгө салуучу ички документтерди иштеп чыгат.

2-глава. Бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө негизги талаптар

§ 1. Бухгалтердик кызматтын милдети жана милдеттенмеси

5. Бухгалтердик кызматтын (бухгалтердин) негизги милдеттери:

а) бюджеттик мекеменин финансы-чарбалык иши жөнүндө, финансылык отчеттуулукту даярдоо аркылуу анын мүлктүк абалы жөнүндө толук жана анык маалыматты өз убагында түзүү;

б) чарбалык операцияларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакталышын контролдоо үчүн зарыл маалыматтар менен камсыздоо;

в) чарбалык операцияларды ишке ашырууда, бекитилген ченемдердин сакталышынын үстүнөн контролдоо, алар үчүн мындай чектөөлөр каралган;

г) бюджеттик мекемелерде болгон активдердин сакталышынын жана максаттуу пайдаланышынын үстүнөн контролдоону ишке ашыруу (эсеп жүргүзүү жол-жоболору аркылуу).

6. Бюджеттик мекеменин бухгалтердик кызматынын (бухгалтердин) милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, баштапкы документтердин негизинде бухгалтердик эсептин регистрине чарбалык операцияларды өз убагында каттоо;

- бюджеттик мекеменин ички жоболорун, архивдик ишти, иш кагаздарын жүргүзүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык документ жүгүртүүнү жүргүзүү;

- жумушка алуу жана жумуш убактысын эсепке алуу боюнча ички документтерге, учурдагы мыйзамдарга, жалдоо келишимине ылайык кызматчыларга эмгек акы чегерүү жана төлөп берүү;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга жана салык мыйзамдарына ылайык, эмгек акы төлөмдөрүнөн салыктык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кармап калуу;

- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык, салык регистрлерин жүргүзүүнү кошкондо, салыктык эсепти жүргүзүү;

- каржылоонун бардык булактары боюнча бекитилген бюджеттин сакталышын контролдоону ишке ашыруу;

- каржылоо булактары боюнча бекитилген бюджетти жана сметаларды иш жүзүндө аткаруунун максаттуу мүнөзү жана көлөмдөрү тууралуу маалымат менен бюджеттик мекеменин жетекчисин камсыздоо;

- квартал сайын (чет өлкөлүк коммерциялык банктарда ачылган эсептер үчүн - жыл сайын) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсептерде жана Казыналыктын системасындагы эсептерде, коммерциялык банктардагы эсеп-кысап эсептердеги акча каражаттарынын калдыктары боюнча, бухгалтердик эсептин маалыматтары менен салыштырып текшерүүнү жүргүзүү жана айырмачылык табылган учурда зарыл болгон түзөтүүнү өз убагында киргизүү;

- ар бир жылдын 31-декабрына карата бардык дебиторлор жана кредиторлор боюнча дебитордук жана кредитордук карыздардын калдыктарын жазуу жүзүндө салыштырып, текшерүүнү жүргүзүү;

- жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча бухгалтердик эсептин регистрине зарыл болгон түзөтүүлөрдү киргизүү, инвентаризациялык комиссияны, активдерди инвентаризациялоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык бухгалтердик маалыматтар менен камсыздоо;

- бюджеттик мекеменин кызматчыларынын материалдык жана аванстык отчетторун туура тариздөө жана өз убагында берүүнү контролдоону ишке ашыруу;

- финансылык отчеттуулукту, бюджетти аткаруу тууралуу отчеттуулукту, статистикалык отчеттуулукту, салык отчеттуулугун жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттуулук;

- Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук чөйрөсүндөгү колдонулган мыйзамдарынын талаптарын сактоо.

§ 2. Жетекчинин жана башкы эсепчинин жоопкерчилиги

7. Мекеменин жетекчиси төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик алып жүрөт:

- бюджеттик мекемеде бухгалтердик эсепти жана ички көзөмөлдүн системасын уюштуруу;

- бюджеттик мекемедеги документ жүргүзүүнүн системасын уюштуруу, анын ичинде бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун баштапкы эсептик документтерин, бухгалтердик эсептин регистрлерин сактоону уюштуруу;

- бюджеттик мекеменин ишенимдүү финансылык отчеттуулугун өз учурунда тапшыруу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда милдеттүү аудиттин өткөрүлүшүн камсыз кылуу;

- бухгалтердик кызматтын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитүү;

- чарбалык операцияларды аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо.

- башкы эсепчинин же бухгалтердин кызматтын жетекчисин, бухгалтердик кызматтын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу.

8. Башкы эсепчи (эсепчи) же бухгалтердик кызматтын жетекчиси бюджеттик мекеменин жетекчисине түздөн-түз баш ийет жана төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик алып жүрөт:

- бухгалтердик кызматтын ишин уюштуруу;

- бухгалтердик эсеп, отчеттуулук тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарын сактоо;

- бюджеттик мекеменин ишенимдүү финансылык отчеттуулугун өз учурунда даярдоо;

- бухгалтердик эсептин регистрлерин жүргүзүү;

- бухгалтердик кызматтын ичинде кызматтык нускамаларды иштеп чыгуу жана кызматтык милдеттерди бөлүштүрүү;

- бухгалтердик кызматтын кызматкерлери тарабынан кызматтык милдеттердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү;

- кызматтан бошогон учурда иштерди өткөрүп берүү.

§ 3. Башкы эсепчинин укуктары

9. Башкы эсепчи бухгалтердик кызматтын максаттарын жана милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:

- иштин айрым бөлүктөрүн аныктоо (каржылык топ, эсептешүү тобу, материалдык топ ж.б.) жана бул бөлүктөр боюнча ишти бухгалтердик кызматтын кызматчылары ортосунда өз алдынча бөлүштүрүү;

- бюджеттик мекеменин башка түзүмдүк бөлүктөрүнөн жана кызмат адамдарынан чарбалык операцияларды ишке ашыруу жана каттоо боюнча каалаган маалыматтарды алууга; ошондой эле чарбалык келишимди макулдашуу жол-жобосуна катышууга;

- бюджеттик мекеменин кызматкерлеринен Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук тармагындагы (анын ичинде эл аралык) ченемдик укуктук актыларын өз учурунда аткарууну талап кылууга;

- бюджетти даярдоо жана аткаруу, бухгалтердик эсеп, ички көзөмөл жана салык салуу системаларын уюштуруу боюнча ички документтерди иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуштар менен бюджеттик мекеменин жетекчисине кайрылууга;

- бюджетти түзүү жана аткаруу, бухгалтердик эсеп, отчеттуулук, ички көзөмөл жана салык салуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарынын нормаларын колдонуунун тууралыгы жөнүндөгү маселелер боюнча ыйгарым укуктуу жана көзөмөлдөөчү органдардан түшүндүрмө алуунун зарылдыгы жөнүндө сунуштар менен мекеменин жетекчисине кайрылууга;

- бюджеттик мекеменин материалдык жооптуу жана отчеттуу адамдарынан материалдык жана аванстык отчетторду аныкталган форматта өз учурунда тапшырууну талап кылууга;

- бухгалтердик кызматтын кызматкерлерине сый акы берүү, аларды окууга жиберүү, грамота менен сыйлоо;

- кызматынан жогорулатуу жөнүндө сунуштар менен бюджеттик мекеменин жетекчисине кайрылууга;

- бухгалтердик эсеп, отчеттуулук, ички көзөмөл жана салык салуу системасы тармагындагы аныкталган нормаларын жана эрежелерин бузган бухгалтердик кызматтын кызматкерлерине жана бюджеттик мекеменин кызматкерлерине тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунуштар менен бюджеттик мекеменин жетекчисине кайрылууга;

- бухгалтердик кызматтын кызматкерлеринен өз кызматтык милдеттерин аткарууну талап кылууга;

- бухгалтердик кызматтын кызматкерлеринин штаттык саны жөнүндө сунуш менен мекеменин жетекчисине кайрылууга;

- ведомствого караштуу жана территориалдык бөлүмдөрдүн бухгалтердик кызматтарынан жалпыланган отчеттуулукту, анын ичинде бюджетти аткаруу жөнүндө финансылык отчеттуулукту калыптандыруу үчүн зарыл бардык маалыматтарды алууга.

10. Башкы бухгалтердин бухгалтердик кызматка зарыл документтерди жана маалыматтарды берүү жана тариздөө тартиби жаатындагы талаптары бюджеттик мекемелердин бардык кызматкерлери үчүн, ал эми эсепти борборлоштурууда бардык тейленүүчү бюджеттик мекемелер үчүн милдеттүү болуп саналат.

§ 4. Башкы эсепчи тарабынан иштерди өткөрүп берүү-кабыл алуу

11. Башкы эсепчи кызматынан бошогон учурда (жумуштан кеткенде, башка кызматка которулганда же көчүрүлгөндө) кызматка дайындалган башкы эсепчиге, же ал жок болгон учурда - бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан дайындалган ыйгарым укуктуу кызматкерге иштерди өткөрүп берүү. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу учурунан баштап, кызматтан бошотулган башкы бухгалтердин кол коюу укугу алынып салынат.

12. Башкы бухгалтер тарабынан ишти өткөрүп берүү-кабыл алууну жүргүзүү үчүн, бюджеттик мекеменин жетекчисинин буйругунун негизинде ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу боюнча комиссия түзүлөт, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

- ишти өткөрүп берүү-кабыл алуунун себеби;

- ишти кабыл алуучу кызматтык адам жөнүндө маалымат;

- ишти өткөрүп берүүчү кызматтык адам жөнүндө маалымат;

- ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу жана ишти кабыл алуучу кызматтык адамдын кол коюу укугу таризделгенге чейинки мөөнөткө кол коюу укугу берилген адам;

- ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу жүргүзүлө турган күн;

- ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу мөөнөтү, эки жумадан көп эмес жана башкы бухгалтер кызматтан бошотулган күндөн кеч эмес;

- комиссиянын курамы;

- комиссиянын катчысы;

- тийиштүү документтерди даярдоо жана аларды Комиссияга берүү үчүн жооптуу адамдар.

13. Комиссия:

1) кызматтык адамдардын ишин өткөрүп берүү-кабыл алууну уюштурат жана ушул жобонун талаптарына ылайык ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу актысын түзүү;

2) кассанын абалын текшерет (накталай акчаны сактоо үчүн тийиштүү шарттар камсыздалганбы, кассалык китептеги жазуулардын абалы, кассада сакталган башка баалуулуктар боюнча абал жана алардын бухгалтердик жазууларга шайкеш келүүсү, чек китепчелеринин болушу, пайдаланылбаган чектердин номерлери) жана кассадагы накталай калдыктарды текшерүү актысын түзөт, анда акча каражаттардын калдыгынын суммасы, кассалык операцияларды жүргүзүү үчүн жооптуу адам же кассир, бухгалтердик кызматтын ишин өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу адам тарабынан кол коюлуучу акыркы киреше жана чыгаша ордерлеринин номери жана күнү;

3) акчалык эсептин, эсептешүү операцияларынын, баланстын эсептешүү беренелеринин эсебинин абалын (дебиторлук жана кредиторлук карыздын реалдуулугу, төлөтүп алуусу реалдуу эмес болгон карыздардын бар экендиги, ага күнөөлүү адамдарды көрсөтүү менен, өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актыларынын бар экендигин, бюджетке өз учурунда которулбаган суммалардын бар экендиги) текшерет;

4) кем чыгууларга, ашыкчаларга, же башка бузууларга жол берген кызматтык адамдан алынган жазуу жүзүндөгү түшүнүк катты карайт жана ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу актысында көрсөтөт;

5) эсептик регистрлердин маалыматы боюнча бухгалтердик баланстын маалыматынын ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу датасынан мурунку акыркы отчеттук датасына шайкеш келүүсүн текшерет.

14. Комиссиянын же кызматтык адамдардын мүчөлөрү тарабынан сын-пикирлер болгондо, (ишти өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу), же шайкеш келбегендик табылган учурда, алардын келип чыгуу себептери аныкталат, андан кийин ишти өткөрүп берүү-кабыл алууну жүргүзүү боюнча комиссия тарабынан аларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт.

15. Комиссиянын мүчөлөрү кызматтык адамдардын ишин өткөрүп берүү-кабыл алуу боюнча документтердин толуктугу жана аныктыгы үчүн өз компетенциясынын чегинде жоопкерчилик тартат.

16. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча комиссиянын катчысы өткөрүп берүү-кабыл алуу актысын түзөт, ага кабыл алуучу жана өткөрүп берүүчү тараптар, комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол коюшат. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуунун актысында ага тиркелүүчү документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Өткөрүп берүү-кабыл алуунун актысы эки экземплярда түзүлөт, алардын бири бухгалтердик кызматка, экинчи экземпляры ишти өткөрүп берүүчү кызматтык адамда калат.

17. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуунун актысында төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

- ишти өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу адамдардын аты-жөнү;

- бюджеттик мекеменин жетекчисинин буйругуна ылайык комиссиянын курамы;

- ишти өткөрүп берүү күнү (мезгили);

- бюджеттик мекеменин жетекчисинин буйругунун реквизиттери, анын негизинде иш өткөрүлүп берилет;

- өткөрүлүп берилүүчү документтердин аталышы жана документтер тиркелген папкалардын саны тизмеленет;

- текшерүүнүн жүрүшүндө табылган бухгалтердик жана салыктык отчеттуулуктагы эсепте табылган каталар жана так эместиктер;

- жок документтердин тизмеси;

- ишти өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу адамдардын түшүндүрмөлөрү жана сын-пикирлери.

18. Биринчи кезекте актыга ишти өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу адамдар, ошондой эле комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат жана бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.

19. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилгенден кийин ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу аяктады деп эсептелет. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы башкы бухгалтер кызматынан бошотулган датага карата бекитилет.

§ 5. Борборлошкон бухгалтерия аркылуу тейленүүчү бюджеттик мекемелерде ишти уюштуруу

20. Борборлошкон бухгалтериялар тарабынан тейленүүчү мекемелердин курамына кирген бардык түзүмдүк бөлүмдөр бухгалтерияга бухгалтердик эсеп жана контролдоо үчүн керектүү документтерди өз убагында тапшырууга милдеттүү.

21. Борборлошкон бухгалтерияларда эсеп жүргүзүүдө тейленүүчү мекемелердин жетекчилеринде анын карамагына кирген бардык чарбалык операциялардын өз убагында жана туура таризделишине милдеттүүлүгү сакталат.