Новости


Политехникалык университетте окуучулардын Республикалык  олимпиадасы болуп  өттү

Бишкек шаарынын мериясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан жана И.Раззаков атындагы КМТУнун колдоосу менен  табигый илим таануу базасындагы предметтер: химия, математика, физика боюнча мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы 2024 – жылыдын  26-27 февралда өткөкүлдү.

Химия боюнча олимпиадага 10, 11 – класстын окуучулары катышышты. Алардын ичинен 8 катышуучу базалык деңгээл боюнча,  8 катышуучу тереңдетилген деңгээл боюнча катышты. Олимпиаданы өткөрүү үчүн  комиссия түзүлдү, анын курамында  комиссиянын төрайымы, химия илимдеринин доктору, профессор Баткибекова М.Б., комиссиянын мүчөлөрү ХжХТ кафедрасынын профессору жана доценттери Токтосунова Б.Б., Хусаинова Р.Ю., Сырымбекова Э.И., улук окутуучу Молдоканова Д.А., № 23 орто мектебинин химия сабагы боюнча мугалими  Светлана Геннадиевна, № 53 мектебинен химия сабагы боюнча мугалими Исраилова Алмагул  Качкыновна.

Олимпиада  26 – февралда Эксперименталдык 1 – тур, анда  мектеп окуучулары үчүн лабораторияда  эксперименталдык иштерди аткаруу жүргүзүлдү. 27 – февралда Теориялык 2 – тур  өткөрүлдү,  анда химия боюнча маселелерди чыгарышты. Химия жана химиялык технологиялар кафедрасы тарабынан  уюштурулган  химия сабагы  боюнча олимпиада жогорку деңгээлде өттү.  Олимпиаданын катышуучуларынын билим дэңгээлинин жогорулугу  жакшы таасир калтырды. Олимпиаданы өткөрүүнүн шарттары жана тартиби боюнча эч кандай тартип бузуулар болгон жок. Жыйынтыгында мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

                          Тереңдетилген деңгээл боюнча:

I орун  – Кожегулов Сулейман   11 – класс Ч. Айтматов атындагы лицейи

                  (Окуткан мугалими Исламбеков А.И.)

IIорун –Турдубаев Нурхан   11 – класс Ч. Айтматов атындагы лицейи

                  (Окуткан мугалими Исламбеков А.И.)

 

IIIорун –Кочергина Кира     11 – класс № 6 Автордук окуу- тарбия комплекс мектеп –              гимназиясы (Окуткан мугалими Волошина Е.А.)

Базалык дэңгээл боюнча:

I орун – Айбеков Д.А.  11 – класс № 63 мектеп гимназиясы

                 (Окуткан мугалими Кузьмина Л. Л.)

IIорун –Русланов Т. Р. 11 – класс № 67 окуу-тарбия комплекс мектеп гимназиясы    

                  (Окуткан мугалими) Мананникова В. В.

IIIорун – Белова А. 11 – класс № 31 мектеп гимназиясы

 (Окуткан мугалими Эрбаева Р.С.)

И. Раззаков атындагы КМТУ университети Химия боюнча Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн жана мугалимдерди И. Раззаков атындагы КМТУ университети куттуктайт. Жаңы жеңиштерди, жана жетишкендиктерди каалайбыз  жана эң заманбап "химик – изилдөөчү" билим берүү программасына окууга чакырабыз!