Новости


                                                                                                                                                                                                            Кыргыз элинин сыймыгы – Исхак Раззаков
       Мамлекетке чын дили менен кызмат кылган, эли-журту үчүн таза, талыкпай эмгектенген улуу инсан Исхак Раззаковдун курман болгондугуна 2024-жылы 19-мартта 45 жыл толду. Улуу инсандын эмгектерин эскерүү максатында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи төмөнкү иш-чараларды аткарды: студенттерге Раззаковдун өмүр жолун, өлкөнү өнүктүрүү жылдарындагы маанилүү учурларын баяндаган Алим Токторовдун «Раззаков кино» тасмасы көрсөтүлдү; куратордук сааттар өткөрүлдү; университеттин алдындагы эстелигине университет менен чогу гүлчамбар коюлду; 1-курстун жалпы 300дөн ашык студенти март, апрель айларында Раззаковдун үй-музейи менен таанышып келишти.
      Өткөрүлгөн иш-чараларда залкар инсандын өрнөктүү өмүрүн, ак эмгегин келечек муунга үлгү катары жеткирүү зор мааниге ээ экендиги белгиленди. Жылдар өтөт, муундар алмашат, бирок Исхак Раззаков көптөгөн адамдардын жүрөгүндө жашайт. Анын өмүр жолу суктанууга жана сыймыктанууга татыктуу.