Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

(копия 4)

Ишке орноштуруу


Индустриянын өнөктөштөрү

 Машина куруунун технологиясы кафедрасы Бишкек  шаарынын ишканалары жана өлкөнүн келишимдер түзүлгөн башка региондору менен бир катар макулдашууларга ээ. Алдын ала ар бир ишкана менен жеке жолугушуулар өткөрүлгөн, алардын ишканаларында практиканы өткөрүү жөнүндө жобо сүйлөшүлгөн. ЖКББ МББС  ылайык төмөндөгү 650300 Машине куруу жана 650100 Материал таануу жана материалдардын технологиясы багыттары боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдоодо окуу-өндүрүштүк, изилдөө, өндүрүштүк жана  квалификация алдындагы практика каралган.  Практиканын программасы тиркелет (тиркеме 4.6.1,4.6.2,4.6.3,4.6.4). Практика «И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин студенттеринин практикаларын уюштуруу жөнүндө» жобонун негизинде (бак,маг,PhD) Академиялык календарына ылайык ишке ашырылууда (Тиркеме). Практика өтүү үчүн кафедра студенттердин тизмелери, өтүү орундарын жана практика жетекчилери жөнүндө билдирме берет. Андан ары билдирүүнүн негизинде буйрук чыгарылып, ишканаларга кат даярдалат. Кафедра өлкөнүн алдыңкы ОсОО "Автомаш-Радиатор", ТНК "Дастан", ОсОО "Маткасымов", ОсОО "Металлург компани" жана башка ушул сыяктуу өнөр жай ишканалары менен тыгыз кызматташуу жүргүзөт.

Өндүрүштүк практика өтүү жайлары боюнча, ишканалар жана уюмдар менен келишимдердин маалымат базасы

1. ЖЧК "Автомаш-Радиатор"

2. ОАО ТНК "Дастан"

3. ЖЧК "Маткасымов"

4.Бишкектеги сыноо КР ЭФМ караштуу, сертификаттоо жана метрология борбору.

5.ЖЧК "Деса Инженеринг"

ЖЧК "Мегавентс"

7.ЖЧК "Ала-Таш"

8. ААК "Кыргызиндустрия"

9. ОАО "Кыргызалтын"

10.ЖЧК "Кыргыз унаа курулуш"

11. МИ Кыргызавтожол, Ош филиалы

12. BBK international Fachkraftegewinnung UG

 

Ошону менен катар, МК кафедрасынын  студенттери практиканын баардык түрлөрүн келишим түзүлгөн ишканаларда өтүшөт, ошондой эле кафедранын кызматкерлери, аталган ишканалар менен тыгыз кызматташууда. Бул өз ара аракеттенүү НББПНЫ алкагында билим берүү сапатын жакшыртуу үчүн  зарыл, ошондуктан МК кафедрасы менен биргеликте индустрия өнөктөштөрү менен ар кандай мүнөздөгү жолугушуулар өткөрүлөт: тегерек столдор,өндүрүштүк кеңешмелер,өндүрүштүк жолугушуулар жана башка. Аталган жолугушуулардын жыйынтыгында НББ алдында жаңы милдеттер пайда болот, жана аларды МК кафедрасы индустрия өнөктөштөрү менен биргеликте чечет.

Жумуш берүүчүлөр жана вакансиялардын дареги