Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

(копия 1)

Минбардын тарыхы


Машине куруу технология минбары: калыптануу жана өнүгүү тарыхы

«Машине куруу технология» минбарынын тагдыры Кыргызстанда машина куруунун өнүгүшү менен тыгыз байланышкан. 1942-жылдын башталышындагы оор күндөрдө Кыргызстанга Советтер Союзунун Батыш облустарынан бир нече машина куруу ишканалар көчүрүлгөн. Алар ошондой эле биздеги машина куруунун башталышын шарттаган.  Согуштан кийинки он жыл ичиндеги машине куруунун кескин сандык өсүшү, өндүрүштөргө инженердик кадрлардын  керектүү агымын 1954- жылы түзүлгөн Фрунзе политехникалык институту керектүү санда берип камсыздап турбаганда,  өндүрүштөрдүн андан ары  өнүгүшү мүмкүн эмес болучу. 1955-жылы "Машина куруу технологиясы, металл кесүүчү станоктор жана шаймандар"адистиги боюнча студенттерди биринчи тандоо ишке ашырылган.

Ошол эле жылы  бул адистикти көзөмөлдөгөн «Металлдар технологиясы» кафедрасы түзүлгөн. Адегенде аны доцент Б. М. Оселедчик, ал эми 1958-ж. доцент С. Ж. Березкин жетектеген. 1958-жылы бул кафедрадан «Машине куруу технологиясы» кафедрасы бөлүнүп чыккан. Кафедранын калыптанышына жана өнүгүшүнө сиңген зор эмгек, аны 1975-жылга чейин башкарып турган биринчи башчысы, доцент Кравцов Владимир Ивановичке таандык. Кафедранын алгачкы окутуучулар курамы машина куруу заводдорунун инженердик-техникалык кызматкерлеринин ичинен түзүлгөн.

Машине куруу технологиясы кафедрасы: Бүгүн

Кафедра өз мезгилинин ичинде белгилүү бир кайра түзүүлөргө дуушар болгон. Бүгүнкү күнү кафедра техника жана технологиялардын тынымсыз өзгөрүүсүнө ыкчам жатыгууга жөндөмдүү, ошону менен бирге классикалык окуу сабактарынан жалпы багыт боюнча күчтүү фундаменталдык билимдерге жана көндүмдөргө ээ болгон адистерди окутуп  тарбиялоого багыт алды.

Акыркы жылдары кафедра кызматташтык жаатында , кафедранын окуу базасын материалдар жана жабдуулар менен камсыз кылуу, өз кызматкерлеринин жана студенттеринин академиялык мобилдүүлүктөрүн арттыруу үчүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк өнөктөштөр менен мисалы, Берлин жогорку техникалык мектеби Бойта (Beuth Hochschule für Technik Berlin), ТМОИ ИИУ, Санкт-Петербург ж. б.у.с., ар кандай долбоорлорго катышып  активдүү иштерди жүргүзүп жатат.

Окуу жараянын өнүктүрүү

2005-жылдан тартып кафедрада даярдоонун баардык багыттары боюнча билим берүү иши окуу жараянын уюштуруунун кредиттик системасын пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Окуу планы тийиштүү экспертизадан өткөрүлүп, КР билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген. Мындан тышкары, машине куруу багыты боюнча Берлин технологиялык программасына ылайык TFN (Германия) бакалаврларды даярдоо боюнча билим берүү программаларын макулдашуу боюнча иштер аяктады.

Акыркы жылдары машине куруу технологиясы кафедрасы өз ишин базар мамилелердин шартында заманбап өндүрүш керектөөлөрүнө ылайык иштетет. Бакалаврларды, магистрлерди баскычтуу даярдоо ишке ашырылууда, ал эми 2013 – жылдан тартып пилоттук долбоордун алкагында философия докторлорун (рН) даярдоо дагы ишке ашырылууда. Кесиптик лицей – техникум (колледж) – жогорку окуу жайы түзмөгүнө ылайык кафедранын профили боюнча адистерди көп деңгээлдүү үзгүлтүксүз даярдоо түзүмүн ишке ашыруу максатында окуу комплекстерин түзүү үстүндө иш жүргүзүлүүдө.

Өнөктөштүк жана кызматташтык: Материалдык базаны өнүктүрүү

Германиялык өнөктөш менен тыгыз кызматташуу аркасында кафедра өзүнүн лабораторияларын заманбап электрондук микроскоп жана кум таризин кол менен түспөлдөө жана ага металлды эритип куюу боюнча окуу-лабораториялык жабдуулардын комплекти менен камсыздады. Берлин жогорку техникалык мектебиндеги Бойта (Beuth Hochschule für Technik Berlin) кесиптештердин, айрыкча, эл аралык бөлүмүнүн жетекчисинин Dr. Karlheinz Borchert, Prof. Dr.-Ing Manfred Paasch жана Dr.-Ing. Ralf Förster дин  жигердүү колдоосу менен кафедранын кызматкерлери ДААДдын мурдагы стипендиаттары  доцент Мамбеталиев Т. С. жана доцент Мухтарбек уулу Кубатбек менен биргеликте, кафедранын окуу шарттарында тетиктин жумушчу чиймесинен тартып металлдан даяр буюмга чейинки ойду ишке ашыруунун баардык жараянын үйрөнүп жана изилдөө долбоорун жүзөгө ашыруу, даярдалып жатат.Ошондой эле, жабдуулар ДААД тарабынан берилет  жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Тетиктердин электрондук сүрөттөмөсүн түзүүгө шарт түзгөн же CAD моделин толуктоочу 3D сканер.
  •   CNC фрезердик станогу;
  •   3Dпринтер;
  •   Иштетилген беттердин микро каталыктарын ченөө үчүн 3 өлчөмдүү чен үстөлү;
  •   Атайын программалык камсыздалган башкаруучу компьютер;
  •   Профилометр;
  •   Баардык жабдыктар кафедранын бирдиктүү тармагына туташтырылып студенттерди окутууга жана изилдөөлөрдү эң жогорку деңгээлде жүргүзүүгө шарт түзөт.

Мындай долбоорду ишке ашыруу, кафедрада көп жылдан бери CAD/CAM лабораториясынын иштеши жана студенттердин компьютердик долбоорлоону эркин билишине байланыштуу болгонун белгилеп кетүү керек.

Өнөктөштүк жана кызматташтык: Академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү

Кафедра ошондой эле, академиялык мобилдүүлүк жана эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялануу үчүн зарыл институттук шарттарды камсыз кылууга өзгөчө көңүл бөлөт. 2014-жылдан бери  ИИУ ТМОИ (Санкт-Петербург, Россия) прибор куруу технологиясы кафедрасы менен бирге  өндүрүштү технологиялык даярдоону автоматташтыруу  жаатында магистрлерди даярдоо боюнча биргелешкен билим берүү программаларын (БББП) ишке ашыруу башталды. БББП нын өзгөчөлүгү болуп, магистранттардын эки университеттин окутуу жана илим изилдөө структураларында окуу өтүшүнө жана окуу аяктаганда жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны ийгиликтүү өткөндөн кийин  эки университеттин дипломун тапшыруу менен магистр академиялык даражасын ыйгаруу эсептелет. Ошону менен бирге алар эки, чектеш багыттар - Машина куруу жана Маалыматтык-эсептөө техникасы боюнча магистрдин квалификациясын алышат. Аталган программаны ишке ашыруу мезгилинин ичинде 20 магистр даярдалган жана азыркы учурда 3 магистрант билим алууда.

Кафедранын окутуучусу Оморова А.И. 2023- жылы Берлин техникалык университетинде профессор Р. Ферстердин жетекчилиги астында PhD-докторантурада окуп баштады.