Илимий-изилдоо иштери
Кафедрасынын ИИИ жана СИИИ
Кафедра «Өндүрүштүк системаларды уюштуруу-технологиялык долбоорлоо» темасынын алкагында илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. Бул темага чектеш тармактарда , КР билим берүү жана илим Министрлигинин илим Департаменти жана башка булактардан каржылануучу чарба келишимдеринин алкагында кафедранын кызматкерлери тарабынан илимий-изилдөө иштери аткарылат.
Машина куруунун технологиясы кафедрасында 1 т. и. д. 5- т. и.к, 2 докторант иштешет. Өзүнүн илимий ишмердүүлүгүн өзүнүн тематикасы боюнча активдүү жүргүзөт. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жыл сайын алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн. ар кыл илимий журналдарында басылат. Өткөн 5 жыл ичинде 104 илимий макалалар жарык көрдү. Патенттер жана ойлоп табуунун автордук күбөлүктөрү бар, авторлору: Рагрин Н.А., Дыйканбаева У. М., Айнабекова А. А. Өткөн мезгил үчүн кафедранын кызматкерлеринин илимий жетишкендиктеринин натыйжалары тууралуу статистикалык маалымат бул жерде.жайгашкан.
Кафедранын кызматкерлери республикалык, эл аралык илимий-техникалык, илимий-методикалык конференцияларда, активдүү иш алып барат. Акыркы 5 жыл ичинде кафедранын кызматкерлери тарабынан 51 доклад жасалды. Илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары окуу процессине кеңири киргизилет. Илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча кафедранын кызматкерлери тарабынан 96 окуу китеби, окуу куралдары жана лабораториялык жана практикалык иштерге усулдук көрсөтмөлөр даярдалган жана чыгарылган. Бул басылмалар тууралуу кеңири маалымат бул жерде берилген.
Кафедранын кызматкерлеринин илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча бир катар жабдуулар, шаймандар жана тузулуштор иштелип чыгып даярдалган жана кафедранын билим берүү программалары боюнча окуу процессинде, колдонулат. Студенттердин илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгы илимий студенттик конференцияларда чагылдырылат жана жаш окумуштуулар, аспиранттар, магистранттар жана студенттердин илимий эмгектеринин жыйнактарында жарыяланат, ошондой эле иштеп жаткан жабдыктар, шаймандар жана жабдуулар түрүндө көрсөтүлөт. . Акыркы 5 жылда, студенттер 54 баяндама жасады (2019, 2020, 2021, 2022, 2023), 51 макалалар жарыяланган (2019, 2020, 2021, 2022, 2023) колдонулуучу жабдуулар жана шаймандардын 16 үлгүсү иштелип чыккан жана даярдалган.
Кошумча маалыматтар
- Жаш окумуштуулар, аспиранттар жана студенттер.66- илимий-техникалык конференциясын өткөрүү жөнүндө ПРОТОКОЛ.
- "Машине куруунун технологиясы"кафедрасынын ИИИ жыйынтыгы боюнча статистикалык маалыматтар
- НААР РЕЙТИНГИ
- Квалификацияны жогорулатуу жөнүндө ТМ кафедрасынын ПОК тизмеси
- Жаш окумуштуулар, аспиранттар жана студенттер 65- илимий-техникалык конференциясын өткөрүү жөнүндө ПРОТОКОЛ.
- Жаш окумуштуулар, аспиранттар жана студенттер.64- илимий-техникалык конференциясын өткөрүү жөнүндө ПРОТОКОЛ.
- Студенттик илимий-техникалык иштеп чыгуу_4-октук СПБ фрезердик станок_2022
- Буюмдарды вакуумдук түспөлдөө жолуменен пластмассадан жасоо үчүн DEN 1-22 жабдыгы
- Гальваникалык ванна жана жездөө электролити