Окуу-усулдук иштер

Кыргызстандагы Лу Бань устаканасы

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) Лу Бань устаканасы, Кытай университетдери менен ишканалары менен биргелешкен инженердик багыттар боюнча жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, кытай технологияларынын негизинде квалификацияны жогорулатуу жана Кыргызстандагы техникалык билим берүүнү өнүктүрүү үчүн тажрыйба борбору болуп саналат. "Машина куруу технологиясы" кафедрасында эки лаборатория иштейт: Сандык өндүрүш лабораториясы жана ЧПУ станокторунда материалдарды иштетүү лабораториясы.

Негизги аспектилер:

Максаты: машина куруу тармагында талап кылынуучу адистерди Кытайдын алдыңкы ыкмалары жана эл аралык стандарттарды колдонуп даярдоо.

Кызматташтык: КЭРдин Чжэцзян провинциясынын өкмөтүнүн, Чжэцзян суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин, "Чжэцзян биринчи гидроэнергетика курулуш топтору" компаниясынын жана Beijing Chaoxing Group компаниясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Багыттар: Машина куруу технологиясы кафедрасынын негизинде "Материалдарды иштетүү технологиясы" жана "Сандык өндүрүш" лабораториялары уюштурулган. Бул лабораториялардын жабдуулар курамына төмөнкүлөр кирет:

Баасы 80 500 АКШ долларын түзгөн ийкемдүү автоматташтырылган өндүрүш системасы;

Баасы 20 600 АКШ долларын түзгөн ЧПУ менен иштөөчү фрезердик станок;

Баасы 20 000 АКШ долларын түзгөн универсалдык өлчөө микроскоптору (УӨМ).

OZONIX долбоору

2025-жылдын 4-декабрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 2025-жылдагы Эл аралык IT-Форуму жана FabLab Бишкек менен КМТУнун инновациялык прототиптер көргөзмөсү өттү. Форумга кафедранын бүтүрүүчүлөрү жана кызматкерлеринен турган команда катышты. Алар FabLab Bishkekтин бизнес-инкубация программасынын жеңүүчүлөрү болушуп, өз долбоорлоруна акчалай каржыландыруу алды. Команда озондорду, нымдуулукту көзөмөлдөө жана ультрафиолетти пайдалануу менен тез бузулуучу азыктарды сактоо мөөнөтүн узартуу технологиясын сунуштады. Чечим тамак-аш жоготууларын азайтууга, фермерлердин кирешесин жогорулатууга жана аймактын азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.

 

"DEN 1-22" вакуумдуу формалоо жолу менен пластмасса буюмдарды жасоо үчүн орнотмасы" долбоору

Илимий жетекчилер: Ж.М. Жумалиев, «Машина куруу технологиясы» кафедрасынын доценти; М.К. Сопоев, «Машина куруу технологиясы» кафедрасынын улуу окутуучусу, И. Раззаков атындагы КМТУ.

Аткаруучу: Д.А. Томилов, МТМ(б)-1-18 группасынын студенти.

Долбоор жөнүндө: вакуумдуу формалоо пластик листтерден үч өлчөмдүү формадагы деталдарды алууга мүмкүндүк берет. Пластмасса листи ысытылып, ийкемдүү абалга келип, даярдалган матрицанын формасын кайталайт. Бул технология сериялык өндүрүштө колдонулат, анткени матрицаны бир нече жолу пайдаланууга болот.

Машина куруу багытындагы студенттерди материалдарды иштетүүнүн заманбап ыкмаларына үйрөтүү зарылдыгынан улам, пластмасса буюмдарды вакуумдуу формалоо үчүн лабораториялык орнотма иштеп чыгуу жана жасоо идеясы пайда болду, себеби өнөр жай орнотмаларынын баасы жогору.

Каржыландыруу: Бул идеяны ишке ашыруу үчүн КМТУдагы долбоорлор сынагында катышып, 39 000 сомдук грантты утуп алышты.

Бардык материалдар жана комплектүү бөлүктөр белгиленген сумманын чегинде сатылып алынып, И. Раззаков атындагы КМТУнун «Машина куруу технологиясы» кафедрасынын устаканасында кол менен жасалып жана чогултулду.

Иштөө принциби: Материал рамкага бекемделет, андан кийин ысыткыч лампалар жана компрессор иштетилет. Лампалар материалды ийкемдүү абалга чейин ысытат, ал эми компрессор ресивер баллонан абаны соруп, вакуум түзөт. Вакуумдук торчого формалоо үчүн даярдалган боштончу жайгаштырылат. Ийкемдүү абалга чейин ысытылган пластмасса анын үстүнө түшүп, вакуумдук торчо материалды тартып алат, ал өз кезегинде форманы каптап, керектүү буюм пайда болот.

Натыйжалар: Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында тиешелүү дисциплиналар боюнча лабораториялык иштерди жүргүзүү үчүн окутуу процесстеринде колдонуу максатында DEN 1-22 вакуумдук-формалоо станогу долбоорлонуп жана курулду. Бул станокту колдонуп, пластмассадан ар кандай деталдар жана буюмдар жасаса болот. Орнотма лабораториялык иштерди жүргүзүү үчүн ТМ кафедрасынын лабораторияларында жайгашкан.

«ЧПУ менен иштөөчү стол үстүндөгү төрт октуу фрезердик станокту иштеп чыгуу жана чогултуу» долбоору

Илимий жетекчиси: "Машина куруу технологиясы" кафедрасынын улуу окутуучусу Дыйканбаева Урпия Маматкадыровна

Аткаруучу: МТМб-1-18 группасынын студенти Томилов Денис Александрович.

Долбоор жөнүндө: Азыркы учурда ЧПУ станоктору өнөр жайда кеңири колдонулууда. Алар деталдарды жасоону ылдамдатып, жасоо ылдамдыгы менен тактыкты айкалыштырууга мүмкүндүк берет, анткени ЧПУ жабдуулары деталдарды жасоодо жогорку тактыкка ээ.

Каржылоо көлөмү: отуз миң алты жүз сом (30 600 сом).

Долбоордун максаты: SOLIDWORKS программасында ЧПУ менен иштөөчү төрт октуу фрезердик станоктун моделинин долбоорун түзүү жана ЧПУ менен иштөөчү төрт координаттуу фрезердик станокту чогултуу. Андан кийин станокту программалоо жана ишке киргизүү-үйрөтүү иштерин жүргүзүү, студенттер ушул типтеги жабдуу менен таанышып, лабораториялык иштерде колдонуп, практикада сынап көрүшү үчүн.

Негиздөө жана актуалдуулугу: ЧПУ станоку башкаруу программасынын координаттары боюнча иштеп, программанын белгиленген милдеттерин аткарат. ЧПУ менен иштөөчү төрт октуу фрезердик станоктун иштөө принциби G-code координаттардын программалык кодунун сандык программалык башкаруусуна негизделген. Станок координаттар кодунун негизинде X, Y, Z координаттар системасындагы чекиттер боюнча кыймылдайт. Биздин учурда "А" айлануучу огу болот жана станок 4 координаттуу болот. Сүрөттөмө же сүрөт же 3D модель координаттар системасынын негизинде G-code түзгөн башкаруу программасын түзүү программасына жүктөлөт. Андан кийин бул G-code ЧПУ станокко жүктөлөт, иштетилүүчү материал бекемделет, бардык координат огу боюнча 0 коюлат жана башкаруу программасы ишке киргизилет.

Натыйжа: ЧПУ менен иштөөчү төрт координаттуу фрезердик станок чогултулду, станок программаланды жана ишке киргизүү-үйрөтүү иштери жүргүзүлдү. Станок студенттер үчүн лабораториялык иштерде колдонулат, ал кымбат эмес жана жөндөөгө жарактуу, ошондой эле жыгач, пластмасса жана жумшак металлдарды иштете алат.

Конференцияга катышуу

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар