Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Студенттик жашоо


Илимдеги кыздар

2021-жылдын март айынан баштап биздин кафедранын менторлору 5 ай бою ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар" долбоору боюнча насаатчылык программасынын алкагында менторлор: Ч.Т. Баялиева, У. М. Дыйканбаева, А. А. Айнабекова, Ж. Ш. Белекова ментилер менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп, алардын жүрүшүндө кесипке багыт берүү иштери жүргүзүлүп, менторлор келечекте кесиптердин маанилүүлүгүн түшүндүрүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, алардын умтулууларын колдоо максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү, сергек жашоо мүнөзүн жүргүзүүнүн жана жеке өнүгүү үчүн маданий иш-чараларга катышуунун маанилүүлүгү талкууланды. ментинин лидерлик сапаттарын өрчүтүүгө аракет жасалды. Жеке жолугушуулардан тышкары, ментинин билимин жана дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.

Биздин кафедра натыйжалуу насаатчылык билимдерин жана көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн "Роза Отунбаеванын Демилгеси" ЭББФ менен кызматташтыкты биргеликте улантууда. Бүгүнкү күндө "Машина куруу технологиясы" кафедрасынын кызматкерлери Ч.Т. Баялиева, У. М. Дыйканбаев, А. А. Айнабеков, А. И. Оморова "Илимдеги кыздар"долбоорунун насаатчылык программасы боюнча менти кыздарынын жаңы топтому менен иштеп жатышат.

1) Маданий иш  чараларга катышуу -кийим дизайнерлер студиясы, Биенналы ж. б маданий демилгелери.;

2) КР ишканалары жана өндүрүштөрү боюнча экскурсиялар;

3) Жаратылышка чыгуу жана командалык оюндарды өткөрүү;

4) Графикалык дизайн боюнча онлайн сабактар (CorelDraw, Photoshop);

5) "Машина куруу Технологиясы" кафедрасындагы Мастер-класстар – Адитивдик технологиялар, Куюу өндүрүшү.

Биздин Чемпиондор

Сарапулов Кирилл гр. МАШ-1-20 - армрестлинг боюнча республикалык чемпионаттагы коло медалы

Тыныбеков Бакыт, гр. МТМ - 1-20, - шахмат боюнча Универсиаданын чемпиону,

Жаныбек уулу Талип, гр. МТМ - 1-20, грек-рим күрөшү боюнча Универсиаданын чемпиону.

Абышев Жанат, гр. МАШ - 1-20. - жаштар арасындагы хоккей боюнча дүйнө чемпиону

Куратор Жумалиев Ж. М.

Курганова Дарина гр. МАШм-1-20 - баскетбол боюнча универсиаданын коло медалы

Куратордук иш

Окуу жылынын башында бекитилген куратордук иш планга ылайык ар бир айдын ичинде расписание боюнча куратордук саатар ар дайым өз убагынжа өткөрүлүп турат. Куратордук саатардын алкагында студенттердин сабактарга болгон регистрациясы, сабактарга катышуусу, модулдарга болгон даярдыктары, жатаканага болгон муктаждыктары, экзамендердин жыйынтыктары жана COVIDге каршы вакцина алышкандыгы тууралуу маселелер талкууланып жана деканаттарга жиберилип турат.

Андан сырткары КМТУнун студенттик универсиадасына жана ден соолукту чындоочу иш чараларга,  ишембиликтерге студенттерди катыштыруу жана ошондой эле окуу акысын төлөбөгөн студенттер менен иштер жүргүзүлүп турат.

Аткарылган жумуштар боюнча кураторлор кафедранын отурумунун планына жараша отчет беришет.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду жана Кыргызстандагы БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ), “Илимдеги кыздар” долбооруна ментор катары кафедранын окутуучулары Айнабекова А.А., Баялиева Ч.Т., Дыйканбаева У.М., Оморова А.И. жигердүү катышып, насаатчы катарында келечекте STEM тармагындагы кесиптерди тандоосуна жардам берүү менен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө түздөн түз салым кошуп келе жатышат.

Байланыш ыкмасы катары чыгармачылык