Аккредитация

Жогорку кесиптик билим берүү жаатындагы мыйзамдарга ылайык, билим берүүнүн сапатын камсыз кылуунун негизги механизми болуп билим берүү программаларын көз карандысыз аккредитациялоо саналат. Көз карандысыз аккредитациялоо жол-жобосу эки негизги этаптан турат – өзүн-өзү текшерүү (өзүн-өзү баалоо) жана тышкы баалоо жол-жоболору. 2020-жылы кафедранын жогорку кесиптик билим берүүнүн эки багыты боюнча бардык билим берүү программалары «Билим-Стандарт» аккредитациялык агенттиги тарабынан көз карандысыз аккредитациядан өткөн. Университеттин буйругуна ылайык, билим берүү программалары аккредитациялык стандарттарга шайкештиги боюнча өзүн-өзү баалоодон өткөрүлгөн. Өзүн-өзү баалоонун жыйынтыгында 650 000 багыттар блогунун билим берүү программаларынын кластери боюнча отчет түзүлүп, ага кафедранын бардык билим берүү программалары киргизилип, аккредитациялык агенттиктин эксперттик комиссиясына тышкы экспертиза жүргүзүү үчүн сунушталган. Тышкы экспертизанын жыйынтыгында кафедранын бардык билим берүү программалары 5 жылдык мөөнөткө аккредитацияланган.

2024-жылы 650300 Машина куруу багыты боюнча магистрлерди даярдоо билим берүү программасы жана 650300 Машина куруу багыты боюнча философия докторлорун (PhD) даярдоонун илимий-билим берүү программасы Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттиги (НААР) тарабынан эл аралык көз карандысыз аккредитациядан өткөн. Университеттин буйругуна ылайык, билим берүү программалары аккредитациялык стандарттарга шайкештиги боюнча өзүн-өзү баалоодон өткөрүлгөн. Өзүн-өзү баалоонун жыйынтыгында магистрлерди даярдоо билим берүү программасы боюнча өзүн-өзү баалоо отчёту жана 650300 Машина куруу багыты боюнча философия докторлорун (PhD) даярдоонун илимий-билим берүү программасы боюнча өзүн-өзү баалоо отчёту даярдалып, аккредитациялык агенттиктин эксперттик комиссиясына тышкы экспертиза жүргүзүү үчүн сунушталган. Тышкы экспертизанын жыйынтыгында 650300 Машина куруу багыты боюнча магистрлерди даярдоо билим берүү программасы жана философия докторлорун (PhD) даярдоонун илимий-билим берүү программасы 5 жылдык мөөнөткө аккредитацияланган.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар