Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Атабеков Калмамат Каримович


Атабеков Калмамат Каримович
Кафедра башчысы техника илимдердин доктору, профессор

1979-жылы Фрузнзедеги автомобиль-жол техникумунун Оштогу филиалынын “Автомобиль транспортун тейлөө жана оңдоо” адистигине тапшырып 1983-ж Фрузнзедеги автомобиль-жол техникумунун “Автомобиль транспортун тейлөө жана оңдоо” адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган, “техник-механик” квалификациясы ыйгарылган.

1983-жылы. Фрунзе политехникалык институтуна “Автомобиль жана автомобиль чарбасы” адистигине тапшырган. 1984-1986-жылдары Совет Армиясынын Германиядагы Советтер аскерлеринин тобунун катарында кызмат өтөгөн. 1991-жылы Ош жогорку технологиялык колледжин артыкчылык диплому менен аяктап “инженер-механик” квалификациясы ыйгарылган.

1986-1991-жылдары 2902 автоколоннасында слесарь болуп иштеген. 1991-жылдын февралдан сентябрь айына чейин Түштүк өндүрүштүк автотранспорт бирикмесинин комсомол комитетинин катчысы болуп эмгектенген.

1991-2004-жылдары Ош Технологиялык Университетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент жана кафедра башчысы.

1995-жылы ОшТУнун күндүзгү аспирантурасына тапшырып жана кандидаттык диссертацияны 1998-жылы жактаган.

2004-2010 жылдары И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Транспорттогу менеджмент” кафедрасынын башчысынын орун басары, ошол эле учурда “Автожол транспортунун окуу-илимий-техникалык борборунун” директору. 2008-жылы “Транспорт” адистиги боюнча доцент наамы ыйгарылган.

2010-жылы “Транспорттогу менеджмент” кафедрасынын башчысы. 2015-жылы кафедранын аталышы “Ташууларды уюштуруу жана кыймыл коопсуздугуна” өзгөртүлгөн.

К.К. Атабековтун жетектөөсүндө “Транспорт каражаттарынын коопсуздугу”, Жол кыймылынын уюштуруучу техникалык каражаттары”, “Жол кыймылынын уюштуруу” сабактарынын лабораториялык жана практикалык сабактары өткөрүлчү окуу-илимий-лабороториялык полигон уюштурулган.

Илимишй жана усулдук ишмердүүлүүктү активдүү алып барат. КРнын Билим берүү жана илим минитсрлиги каржылаган “Транспорт туризмин өркүндөтүү жана логистикалык борборлорду оптимизациялоо боюнча илимий-практикалык сунуштарды иштеп чыгуу”, “Жол кыймылынын коопсуздугун” жана эффективдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн маалымат програмаларын жана уюштуруучу-техникалык документтерин иштеп чыгуу” илимий-изилдөө иштерин жетектеген жана жетектеп келет. Илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары окуу процессинде колдонулуп келе жатат. Аспиранттарды, магистрлерди жана студенттердин илимий-изилдөө иштерин жетектеп келет.

КРнын Билим жана илим министрлигинин транспорт адистиги боюнча окуу-усулдук бирикменин мүчөөсү. 670300 Транспорт процесттеринини технологиясы багытынын бакалавр жана магистратура боюнча 3-муундагы адистерди даярдоо Мамлекеттик стандарты, ошондой эле окуу-усулдук материалдары иштелип чыккан.

Илимий изилдөө жааты – Ташууларды уюштуруу жана кыймыл коопсуздугу, экологиялык коопсуздук.

Адистерди даярдоодо активдүү катышканы үчүн “Билим берүүнүн мыктысы” белгиси менен, И.Раззаков атындагы КМТУнун, КРнын Билим жана илим министрлигинин, Транспорт жана жол министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланган.

 

Илимий-метрикалык маалымат базаларындагы профилдер:

Scopus – атабеков @kstu.kg

Google Scholar–Атабеков Калмамат Каримович

ResearcherID (WoS) - researchid.co/rid47280

 ORCID - 0000-0002-2306-2381

E-library - SPIN-код: 4520-3528, AuthorID: 857082


Приёмная: 54-51-34

Телефон: +996777723606

Кабинет: 3/110

e-mail: atabekov_k@mail.ru

Гр.работы: C 08 до 17-00

Стаж работы: 28