Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Исаков Куттубек


Исаков Куттубек
техн. илим. канд., кафедранын профессору

Билими:

1985-ж. – Фрунзе политехникалык институтунун «Жол куруу машиналары жана жабдуулары» адистиги, «инженер-механик» квалификациясы, Фрунзе ш.

1994-жылы – техника илимдеринин кандидаты (Ph.D), адистиги 05.05.04 Жол, курулуш жана жүк көтөрүүчү жана транспорттук машиналар, Алматы ш.

2005 – «Транспорт» адистиги боюнча доцент, Бишкек ш.

 

Эмгек ишмердүүлүгү:

1985-1986 — Кыргыз ССР Мамкурулуштун «Стройиндустрия» трестинин ЖБИ-2 заводунун электромеханиги, Фрунзе ш.

1986-1990 — Фрунзедеги политехникалык институттун «Жүк көтөрүүчү жана транспорт, курулуш жана жол машиналары жана жабдуулары» кафедрасынын инженери, Фрунзе ш.

1990-жылы Фрунзе политехникалык институтунун "Жүк көтөрүүчү жана транспорт, курулуш жана жол машиналары жана жабдуулары" кафедрасынын окутуучусу, Фрунзе ш.

1990-1994 Алма-Ата жол институтунун күндүзгү аспирантурасы, Алматы шаары

1994-1997 - Кыргыз архитектуралык курулуш институтунун «ПТСДМиО» кафедрасынын улук окутуучусу, доценти, Бишкек ш.

1997-1999 - КМКТАУнун дистанттык окутуу борборунун директорунун орун басары, Бишкек ш.

2000-2001 - Кыргыз-орус факультетинин «Транспорт, курулуш жана коммуникация» кафедрасынын башчысы, Бишкек ш.

2001-2002 - КМКТАУнун Транспорт жана коммуникация факультетинин деканы, Бишкек ш.

2002-2017 - Н.Исанов атындагы КМКТАУнун «Жол кыймылын уюштуруу» кафедрасынын башчысы, Бишкек ш.

2017-2022 - Н.Исанов атындагы КМКТАУнун «Ташууларды уюштуруу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо» кафедрасынын башчысы, Бишкек ш.

01.09.2022 - азыркы учурга чейин – И.Раззаков атындагы КМТУнун «Ташууларды уюштуруу жана транспортту башкаруу» кафедрасынын профессору, Бишкек ш.

 

Изилдөө иши:

Доктордук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештин мүчөсү.

2008-жылы А.Эйнштейн атындагы Эл аралык энергетика академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.

Илимий изилдөөлөрдүн багыты: «Бийик тоолуу шартта жол куруу иштерин эффективдүү жүргүзүү үчүн механизация каражаттарын теориялык жана эксперименталдык изилдөөлөр» жана «Бишкек шаарында жана бүтүндөй Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун уюштурууну жакшыртуу».

2004-жылдан бери тоолуу автожолдорду тутуу, куруу жана оңдоо боюнча трансформациялоочу жумушчу органы менен жаңы багыттагы жумушчу техникаларды иштеп чыгуу жана түзүү жаатындагы мамлекеттик бюджеттик илимий-изилдөө иштеринин  башчысы болуп иштеп келе жатат жана 5,0 млн сомго жакын каражат өздөштүрүлгөн. 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын кичи шаарларындагы суу чарба жана коммуналдык ишканалардын инженер-механиктери жана айдоочу-операторлору үчүн адистештирилген жабдууларды эксплуатациялоо жана тейлөө» темасында АРИС долбоорунун эксперти болуп иштеген.

Илимий-изилдөө иштеринин негизги натыйжалары өндүрүшкө киргизилген, мисалы, башкарылуучу түрткүч менен жабдылган бульдозердик техниканын толук масштабдуу эксперименталдык модели Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ПМКсынын өндүрүштүк шарттарында ийгиликтүү иштеп жатат (2002-ж.) , Сосновка айылында жолдун кыртышында интенсивдик аралашмаларды даярдоо үчүн тиркемелердин илимий эксперименталдык модели киргизилген (1989).

Аспиранттардын, магистранттардын жана абитуриенттердин илимий жетекчиси болуп саналат, «Жолдорду оңдоодо жана тейлөөдө механика каражаттары», «Жол кырсыктарынын экспертизасы», «Жолдордун абалы жана кыймыл коопсуздугу», «Жол кыймылынын негиздери», «Транспорт агымынын теориясы», «Илимий изилдөөлөрдүн негиздери» жана башка дисциплиналар боюнча лекцияларды окуйт.

121 илимий-методикалык эмгектери жарык көргөн, анын ичинде 17 Кыргыз Республикасынын ойлоп табууларга патенти жана СССРдин автордук күбөлүктөрү, Евразиялык патенттик ведомствонун 2 патенти, 83 илимий эмгек жарык көргөн, мында: Scopus журналында – 2, РИНЦте – 31, РИНЦтеги цитаталардын саны - 31, РИНЦ боюнча Хирш индекси - 2, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мөөрү менен 1 окуу китеби басылып чыккан.

 

Сыйлыктар:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин Ардак грамотасы (2003)

Н.Исанов атн. КМКТАУнун Ардак грамотасы (2008)

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын Ардак грамотасы (2017)

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ардак грамотасы (2022)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик комитетинин Ардак грамотасы (2004, 2009)

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын Ардак грамотасы (2009-ж.)

Кыргыз Республикасынын Кыргызпатентинин “Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” республикалык сынагынын “Акыл табылга” (Мыкты ойлоп табуу) номинациясы боюнча 1-даражадагы диплому (2018-ж.).

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (2004-ж.)

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын стипендиаты (2009)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун отличниги (2019-ж.)

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ардактуу профессору (2017).

 

Илимий-метрикалык маалымат базаларындагы профилдер:

Scopus - kuttubek.isakov.59@mail.ru

Google Scholar– Куттубек Исаков

ResearcherID (WoS) - HMV-5692-2023

ORCID - 0000-0002-2156-1929

E-library - SPIN-код6738-7722, AuthorID: 868861


Телефон: 0500740031

Кабинет: Кампус 2, 2/208

e-mail: k.isakov@kstu.kg