Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Алтыбаев Аманбек Шаршенбекович


Алтыбаев Аманбек Шаршенбекович
т.и.к., доцент

Билими:

2001-жылы Нарын мамлекеттик университети, «Математика жана информатика» адистиги, «Математика жана информатика мугалими» квалификациясы, Нарын ш.

2019 – техника илимдеринин кандидаты, адистиги 05.05.04 Жол, курулуш жана көтөрүүчү жана транспорттук машиналар, Бишкек ш.

2022 – «Транспорт» адистиги боюнча доцент, Бишкек ш.

 

Эмгек ишмердүүлүгү:

1999-2000 - Нарын мамлекеттик университетинин лаборанты

2000-2001 - Нарын облустук мектеп-лицейинин мугалими

2001-2005 - Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын администратору

2005-2008 - Н.Исанов атындагы КМКТАУнун «Жол кыймылын уюштуруу» кафедрасынын окутуучусу.

2008-2016 - Н.Исанов атындагы КМКТАУнун «Жол кыймылын уюштуруу» кафедрасынын ага окутуучусу.

2016-2022 - Н.Исанов атындагы КМКТАУнун «Ташууларды уюштуруу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо» кафедрасынын доцентинин м.а.

09.01.2022 баштап азыркы учурга чейин - И.Раззаков атындагы КМТУнун «Ташууларды уюштуруу жана транспортту башкаруу» кафедрасынын доценти.

 

Изилдөө иши:

Илимий-изилдөө иштери менен активдүү алектенет, эл аралык илимий-практикалык конференцияларга, тегерек столдорго катышып келет. 62 илимий жана методикалык эмгектери бар. 36 илимий басылма (2 Scopus маалымат базасында), анын ичинде Евразиялык патенттик ведомствонун 2 патенти, ойлоп табууга Кыргыз Республикасынын 4 патенти жана компьютердик программага 1 Кыргызпатенттин күбөлүктөрү.

2012-жылдан баштап мамлекеттик бюджеттин темаларына өзүнүн илимий темалары боюнча катышып келет:

1. «Бийик тоолуу жолдорду куруунун, тутуунун, оңдоонун жана айыл чарба иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн трансформациялоочу жумушчу органы бар бульдозер-жүктөгүчтү иштеп чыгуу жана түзүү» - илимий кызматкер, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (2016-ж.) ;

2. «ЕАЭБге мүчө мамлекет – Кыргыз Республикасында эл аралык автотранспорт рыногун изилдөө» – теманын аткаруучусу, КМКТАУ, (2018-ж.)

3. SUMRICA (Борбордук Азиядагы Туруктуу мобилдүүлүктү изилдөө) Берлин техникалык университети (Технология жана коом борбору (ZTG) Technische Universität Berlin (TUB)) менен бирге туруктуу мобилдүүлүк боюнча, - жооптуу (2018-2020)

4. «Дөңгөлөктүү бир сузгучтуу фронталдык жүктөгүчтүн базасында көп максаттуу трансформациялоочу жумушчу органды иштеп чыгуу жана түзүү» - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, улуу илимий кызматкери (2019-ж., 2020-ж.)

5. «Көп функционалдуу трансформациялоочу жумушчу органы бар бир сузгучтуу фронталдык жүктөгүчтү иштеп чыгуу жана түзүү» - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, улуу илимий кызматкери (2022-2023-жж.)

Магистранттардын илимий жетекчиси, «Транспорттогу маалыматтык технологиялар», «Жол кыймылынын теориясынын негиздери», «Илимий изилдөөлөрдүн негиздери» ж.б.у.с. сабактардан лекция окуйт жана практикалык сабактарды өтөт.

«Айыл чарба жана жол курулуш иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бульдозер-жүктөгүчтүн жаңы трансформациялоочу жумушчу органын иштеп чыгуу жана түзүү» темасы боюнча ШКУ өлкөлөрүнүн Жаштардын инновациялык форумунун долбоорлорунун сынагынын «Мыкты инновациялык долбоор» номинациясынын жеңүүчүсү, Башкортостан Республикасы, Уфа шаары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик интеллектуалдык менчик фонду тарабынан уюштурулган «Идеялар жарманкеси» инновациялык долбоорлор сынагында 2-орунга ээ болгон.

 

Сыйлыктар:

КМКТАУнун Ардак грамотасы (2008, 2011, 2015)

ТРАНСЭКОИН Ардак грамотасы (2011)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Ардак грамотасы (2008, 2013)

Н.Исанов атн. КМКТАУнун мыкты улук окутуучусу (2013)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун отличниги (2015-ж.)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2016-ж.)

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин Ардак грамотасы (2017)

Билим берүүнүн отличниги (2022)

 

Эл аралык стажировкалар:

- Java программалоо тили боюнча 4 айлык стажировка, Индия Республикасы, Бангалор, 26/10/2006-02/10/2007;

- Жер транспортун башкаруу боюнча 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу, Борбордук Азия Университети, Алматы, 12-24.04.2019;

- «Транспорт саясаты жана башкаруу; коомдук транспорт системасын каржылоо”, Берлин техникалык университети, Германия, Берлин, 19.08-30.10.2021

 

Илимий-метрикалык маалымат базаларындагы профилдер:

Scopus - 57216578446

Google ScholarАлтыбаев Аманбек

ResearcherID (WoS) - HPE-4342-2023

ORCID - 0000-0003-3351-4377

E-library - SPIN-код7881-0623, AuthorID: 901887


Телефон: 0312541696

Кабинет: Кампус 2, 2/208

e-mail: a.altybaev@kstu.kg

Стаж работы: 24