Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Чопоев Арстанбек Батырбекович


Чопоев Арстанбек Батырбекович
улук окутуучу

2002-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Жол кыймылын уюштуруу» адистиги боюнча ийгиликтүү аяктагандан кийин 2002-жылдын 18-апрелинде «Автоунааларды эксплуатациялоо» кафедрасына улук лаборант болуп кабыл алынган. 2002-жылдын 14-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин кафедрада стажер-окутуучу, окутуучу, улук окутуучу болуп эмгектенип келет.
Университеттин коомдук иштерине активдүү катышкандыгы үчүн КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын жана КГУСТАнын, Транспорт жана коммуникация институтунун «Ардак Грамотасы» менен сыйланган.
«Жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары», «Жол кыймылын уюштуруу», «Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздук» атайын дисциплиналар боюнча практикалык жана лабораториялык сабактарды өткөрөт; «Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу» дисциплинасы боюнча лекцияларды окуйт, ошондой эле курстук иштерди, дипломдук долбоорлорду жетектейт.
Учурда жүк көтөрүүчү жана транспорттук, курулуш жана жол машиналарын жана жабдууларын өркүндөтүү жаатында кандидаттык диссертациянын үстүндө иштеп жатат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы инспекциясынын ОДН органдары менен тыгыз байланышта жол кырсыктары боюнча статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу, транспорт каражаттарынын санын көбөйтүү боюнча. Кырсыктарды болтурбоо, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана жалпысынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн кесилиштерин өткөрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышат, студенттер менен бирдикте жол чырактардын иштөө режимдерин жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
«Жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары», «Жол кыймылын уюштуруу», «Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздук» дисциплиналары боюнча модулдук программалар жана тесттик тапшырмалар иштелип чыккан.
Иштин жүрүшүндө окуу-методикалык басылмалар иштелип чыкты - 19 методикалык колдонмо (курстук долбоор үчүн, практикалык жана лабораториялык сабактар ​​үчүн), илимий басылмалар - 15 илимий макалалар (2 чет элдик басылмаларда), 1 EAПВ патенти.


Телефон: 0312541696

Кабинет: Кампус 2, 2/208

e-mail: arstanbek.chopoev@kstu.kg

Стаж работы: 21