Торобеков Бекжан Торобекович
техникалык илимдердин доктору, профессор
Киевтеги автомобиль-жол институтун (КАЖИ) «Автомобиль жана автомобиль чарбасы» адистигин артыкчылык менен аяктаган.
КАЖИнин аспирантурасын аяктап техника илимдеринин кандидаты окумуштуу даражасын изденип алуу үчүн диссертациясын жактаган. Бекжан Төрөбекович КМТУда 2003-жылдан бери ырасмий түрдө эмгектенип келет, бирок тажрыйбалуу “политеховец” наамын алып жүрүүгө толук акысы бар. Анткени Фрунзе политехникалык институтуна алгач 1981-жылы ФПИнин Оштогу филиалынын окутуучусу катары тартылган. Аталган филиан кийин Ош технологиялык
Университети болуп түзүлгөн. Ушул университетте эмгектенип Б.Т. Төрөбеков кесиптик карьерасында ийигиликтүү көтөрүлүп келген. Окутуучу, доцент, окуу бөлүмүнүн башчысы, окуу-маалымат борборунун башчысы, транспорт жана энергетика факультетинин деканы, экономика жана каржы боюнча проректор, экономика жана аралыкта окутуу бонча проректор, окуу иштери боюнча проректор болуп эмгектенген.
Бекжан Төрөбековичтин жогорку кесипкөйлүгү жана жоопкерчиликтүүлүгү КМТУнун окуу иштери боюнча биринчи проректору кызматын аркалап турган учурда көрүнгөн. ЖОЖдун башкы багытын ошондой эле “Транспортдогу менеджмент” кафедрасын жетектеген кезде, Б. Төрөбеков билим берүү процессинин усулдук жана укуктук-ченемдик камсыз кылуусуна, эл аралык долбоорлорго жана программаларга түздөн-түз катышып келген, билим берүүдөгү инновациялык технологияларды анын ичинде Болон декларациясын ишке ашыруу демилгесин сунуштаган. Бекжан Төрөбекович Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик жана инженердик билим берүүсүнүн концепциясын иштеп чыгуу боюнча экспертердин бири болуп саналат. Бекжан Төрөбекович өзүнүн жөнөкөйлөгү жана кесипкөйлүгү менен КМТУнун жамаатынын ичинде сыйга татыган жана кесиптештеринин көбүнө үлгү катары болуп келет.
Илимий-метрикалык маалымат базаларындагы профилдер:
ScopusID:
Google Scholar: Bekzhan Torobekov
ResearcherID Web of Science: HHC-1742-2022
РИНЦ: Authorid:907515
ResearchGate: Bekzhan Torobekovich Torobekov
ResearcherID: Torobekov Bekzhan Torobekovich (researchid.co)