Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Саалиева Алтынай Накеновна


Саалиева Алтынай Накеновна
ага окутуучу

Саалиева Алтынай Накеновна 1998-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык университетин «Тамак-аш өндүрүш технологиясы” адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн. Магистратурада окуу менен бирге “Химия” кафедрасында лаборант болуп иштеген. Окууну бүтөрүн менен ТППП кафедрага окутуучу болуп которулган. 2001-жылдан “Кыргызкурортуризм” дарылоо уюмунда башкы адис болуп иштеген. Профессионалдык көрсөткүч боюнча “ Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигине сиңирген эмгеги үчүн” ардактуу төш белги жана ардак грамота менен сыйланган.2010-жылы КЭУ экинчи жогорку билим алып, “Менеджмент жана өндүрүштү аткаруучу” адистигине ээ болгон. Бүгүнкү күндө ТААТ кафедрасынын аспиранты жана улуу окутуучу КТАТ  кафедрасында болуп иштейт. Төмөнкү багыттар боюнча лекциялардыокуп, лабораториялык сабактарды жүргүзөт: “"Санитария жана тамактануу гигиенасы", "Метрология, стандартташтыруу жана сертификациялоо", "Кыргыз жана чет өлкөлүк ашкананын технологиясы”. Активдүү изилдөө жана методикалык иштер менен алектенет. Илим изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча дүйнөлүк конференцияга катышат, 4 билдирүү басууга жарыяланган.

ORCID: 0000-0002-8367-4080


Приёмная: 54-43-65

Телефон: 0555 745 041

Кабинет: 1/221

e-mail: altynay.saalieva.76@kstu.kg

Гр.работы: 8:00-17:00

Стаж работы: 27