улук окутуучу
Байгазиева Айзат Сатындиевна
Улук окутуучу
Билими:
- 2014 – КР И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети, адистиги: «Коомдук тамактандыруу инженери-технолог»
- 2022 – Эл аралык инновациялык технологиялар университети, адистиги: «Экономист»
- 2021 – 05.18.04 адистиги боюнча аспирантураны бүтүргөн: «Эт, сүт, балык продукцияларынын жана муздатуу өндүрүштөрүнүн технологиясы». Азыркы учурда кандидаттык диссертация жазууда: «Жаңы сыр түрүнүн рецептурасын иштеп чыгуу жана изилдөө».
Эмгек тажрыйбасы:
- 2015–2017 – «Азык-түлүк продукцияларын технологиялоо» кафедрасынын лаборанты; кошумча сабактарды окуткан
- 2017–2020 – Окутуучу жана лаборатория башчысы, «Азык-түлүк продукцияларын технологиялоо» кафедрасы
- 2021–азыркы учурда – Улук окутуучу, «Азык-түлүк продукцияларын технологиялоо» кафедрасы
Илимий изилдөөлөрү:
Байгазиева А.С. окутуу-методикалык жана илимий ишин дайыма жогорулатат. Кафедра, институт жана университеттин коомдук иштеринде активдүү катышат.
- 5 илимий макала жарыяланган
- 6 лабораториялык иштерди аткаруу боюнча методикалык көрсөтмө (740300 “Продукцияны технологиялоо жана коомдук тамактандырууну уюштуруу”)
- 1 окуу куралы (КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен)
Квалификациясын жогорулатуу:
- Алматылык Технология Университетинде 2 кредиттик келишим боюнча конок лекцияларын өтүп, квалификациясын жогорулаткан, №УМО и АМ14-05, 04.06.2018
- Илимий потенциалын үзгүлтүксүз жогорулатат, 10дон ашык сертификатка ээ
- Эл аралык сертификат: "WorldSkills Kyrgyzstan 2025"
- Сертификацияланган тренер: “Экспортко кургатылган жемиштерди өндүрүү жана кайра иштетүү” (ITC программасы)
- Сертификацияланган тренер: “Компетенцияга негизделген баалоо жана мурунку билимди таануу (RPL)”
Медалдар жана сыйлыктар:
- КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы (2018)
- КР Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каты (2018)
- КГТУ Ардак Грамотасы (2023)
- КГТУ рейтингинин натыйжалары боюнча эң мыкты окутуучу (2018–2019, 2019–2020, 2020–2021)
- КГТУ жана ТИ ыраазычылык каттары
- КР Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каты (2025)
Илимий маалымат базаларындагы профилдери:
- ORCID: 0000-0002-0537-0380
- Google Scholar: Айзат Байгазиева

