Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Абитуриентке


Урматтуу абитуриент!

 “Тамак –аш инженерия” минбары – И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алгачкы кафедраларынын бири. Ал 1962 жылы түзүлгөн.

Ушул жылга чейин минбар 2000ден ашык инженер механиктерди жана 200 дөй нан, макарон, кондитер азыктарынын өндүрүшүндөгү инженер  технологдорду Кыргызстан үчүн эле эмес, Орто Азия аймагына дагы даярдап чыгарышкан.

Минбар түзүлгөндөн баштап дайыма өнүгүп жана өзгөрүп келет: студенттерге заманбап техникалык билим берүүдө заманбап илимий – техникалык жана окуу – лабораторялык база түзүлгөн. Окуу – лабораториялык базанын курамына  6 адистештирилген окуу лабораториясы, окуу устаканалары жана компьютердик классы кирет.

Лабораториялар бардык тамак –аш өндүрүшүндөгү бардык тармактардын үлгүлүлөрү жана  иштөөчү жабдуулары жана муздатуу техникалары менен камсыздандырылган.

Азыркы учурда минбарда 2 профессор, 4 доцент, 2 улук окутуучу, 2 окутуучу иштейт. Минбардын курамында техникалык илимдин 1 доктору жана техникалык илимдер 4 кандидаттары  бар.

Минбар 4 жыл жана 2 жылы окуу мөөнөттөрү менен бакалаврларды жана магистрлерди төмөндөгү багыттарда даярдап чыгарышат:

«Технологиялык машинелери жана жабдуулар» багыты боюнча

  «Тамак – аш инженерия»  профили

Бул адистикти бүткөн инженер – механик тамак – аш  өдүрүшүндөгү  жана кайра иштетүү өнөр жайында иштөөгө, ошондой эле чакан ишканаларды ачууга жана эффективдүү башкарганга, тейлөө тармагында жана тамак –аш азыктарын жана жабдууларын стандартташтыруу жана сертификациялоо органдарында дагы иштей алышат.

“ Тамак – аш өндүрүшүнүн машинелери жана жабдуулары” профили төмөндөгү адистерди:

  • Сут жана эт өндүрүштөрүнүн жабдуулары;
  • Консерва заводдорунун жабдуулары;
  • Нан, макарон,  кондитер азыктарынын өндүрүштөрүнүн жабдуулары;
  • Сактоо жана кайра иштетүү өнөр жайларынын жабдуулары.

Бул профилдин адистеринин ишинин чөйрөсү тамак – аш өндүрүштөрүн, тамак – аш машинелерин куруу заводдорун ошондой эле экономика тармагынын башка мекемелерин камтыйт.
 

Андан сырткары алар тамак – аш өндүрүшүнүн машиналарынын жана жабдууларын долбоорлоодо, алардын сервистик тейлөөсүндө жана техникалык эксплуатациялоосунда, чийки заттарды кайра иштетүүдө убакытты көп талап кылуучу жараяндарды механизациялоодо катыша алышат.

 «Муздатуу техникасы жана абаны желдетүү» профили

Бул профилдин инженер механиги  муздатуу техникаларын жана жашоо шартын ыңгайлаштыруу системдерин колдонуучу соода, коомдук тамактануу мекемелеринде, мейманкана жайларындажана жашоо –коммуналдык чарбаларында, тейлөө чөйрөсүндө иштей алышат.

Бул профилдин адистери:

  • Тамак –аш өндүрүшүндөгү муздатуу технологиялык жабдуулары ;
  • Соода жана тиричилик муздатуу техникасы;
  • Абаны желдетүү жана климатехника.

Инженер – муздатуу боюнча адистери тамак-аш жана кайра иштеп чыгуу өндүрүштөрүндө, муздаткыч чыгуруучу өнөр жайларында, соода, коомдук тамактануу жана мейманкана сервистеринде, жасалма муздатуу колдонуучу экономиканын башка тармактарында иштей алышат.

Терең жалпы техникалык жана адистик билим алган минбардын бүтүрүүчүлөрү, көрсөтүлгөн тармактардан башка дагы  илимий – изилдөөчү жана долбоордук мекемелерде, тамак- аш азыктарын жана чийки заттарын, тамак – аш жана муздатуу жабдууларын стандартташтыруу жана сертификациялоо органдарында дагы талап кылынат.

Жыл сайын   минбардын 85%дан ашык бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик, жеке жана акционердик тамак –аш өнөр жайларында, илимий мекемелерде жана ЖОЖдордо, ошондой эле Кыргызстанда жана башка КМШ өлкөлөрүндө чарбачылык чийки заттарын кайра иштетүү жана тамак –аш азыктарынын сапаттарын текшерүү боюнча  башкаруу уюмдарында ишке ороношулушат.

Ачык эшик күнү

28-жылдын 2022-январында "тамак-аш инженериясы"кафедрасы. Технология факультети Свердлов районундагы мектептер үчүн онлайн форматта "ачык эшиктер күнүн" өткөрдү.