Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Илимий-изилдөө иштери


   Бугунку күндө  илимий-изилдөөнүн инновациялык билим берүү технологиясынын жана өндүрүш үчүн адистерди даярдоонун перспективдүү программаларын түзүү үчүн негиз болуп саналат.

Азыркы учурда кафедранын окутуу курамынын максаты болуп түшүмдүү илимий инновациялык жумуштарды жана анын деңгээлин эл аралык стандарттарга ылайык  көтөрүү боюнча маселелерди чечүү, илимий иштерди коммерциализациялоо жана патенттик ойлоп табуу иштерин жандандыруу ошондой эле кафедранын алдыңкы илимий техникалык жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүү эсептелет.

“Тамак – аш инженерия”  кафедрасынын патенттик ойлоп табуу ишмердиги:

Акыркы  үч жыл аралыгында Кыргыз Республикасына Кыргызпатент мекемесинин 9 патент алынып жана өндүрүшкө киргизилген (авторлору: т.и.д. профессор Садиева А.Э., т.и.к., КМТУ профессору Кочнева С.В., т.и.к., доцент Абдраимов А.А., т.и.к., доцент Кылычбекова Н.К.).

Эл аралык конференцияларга катышуу.

  Илимий – инновациялык ишмердиктин чөйрөсүндө башкы орун эл аралык жана республикалык илимий, илимий – техникалык конференцияларга, семинарларга жана кереге кеңештерге катышууга берилет. Кафедранын курамы Бишкек, Алматы, Барнаул, Екатеринбург, Кемерово, Новокузнецк, Вологда, Москва шаарларында өткөн конференцияларга катышкан. Алар: т.и.д. профессор Садиева А.Э., т.и.к., КМТУ профессору Кочнева С.В., т.и.к., доцент Абдраимов А.А., т.и.к., доцент Кылычбекова Н.К., окутуучу Коколоева У.У. ж.б.

Долбоорлорго катышуу.

Кафедра көптөгөн илимий программалардын жана долбоорлордун катышуучусу жана аткаруучусу болуп эсептелет. Алардын ичинде:

  • Кыргыз Республикасынын Билим жана Илим Министирлигинин  Улуттук "Бозо"  суусундугун чыпкалоо жараянын механизациялоо”  долбоору – жетекчи т.и.к., доцент Абдраимов А.А. (2016-2018 жж.)
  • Кыргыз Республикасынын Билим жана Илим Министирлигинин " Кымыз" улуттук суусундугун  бышып-чалуу процессин механизациялоо" долбоору, жетекчи т.и.к.,доцент Халмуратов Р.С. (2019-2021жж.) 
  • И.Раззаков атындагы КМТУнун  “Тамак – аш өндүрүшүндө  ресурстарды  үнөмдөө, айлана чөйрөнү жана ден – соолукту коргоо” аталышында долбоорду төмөндөгү бөлүктөр боюнча аткарат:
  1. Тегиздиктеги механизмдердин структуралык түзмөлөөсүнүн ыкмаларын иштеп чыгуу”. Аткаруучу : т.и.д. профессор Садиева А.Э.
  2. Айыл чарба азыктарын жана панзаттарды чачыратып кургатуунун техникасын жана технологиясын жакшыртуу. Аткаруучу: т.и.к., КМТУнун профессору Кочнева С.В.
  3. Механизмдердин синтези: Аткаруучу: т.и.к., доцент Абдраимов А.А

Кафедрада жогорку квалификациялуу  илимий – педагогикалык кадрларды даярдоо аспирантура аркылуу жүргүзүлөт.

Кафедранын аспиранттары Коколоева У.У., Тилемишова Н.Т., Токтогулова А.К.,  Молдобекова А.М., т.и.д. профессор А.Э. Садиева жетекчилиги менен илимий – изилдөөлөрүн жүргүзүшөт. Андан сырткары кафедранын курамынын квалификацияны жогорулатуунун ар кандай курстарын өтүү аркылуу алыскы жана жакынкы мамлекеттердин ЖОЖдоруна практикалык семинарларына, изилдөө стажировкаларына катышуу аркылуу өзүнүн профессионалдык денгээлин көтөрүшөт.

Илимий стажировкалар

1.Кафедра башчысы,т.и.д.,профессор  Садиева А.Э. ДААД "Эрасмус плюс" программасы боюнча Бойта атындагы техникалык институтунда стажировкадан өттү.

2.Кафедранын доценти,т.и.к. Абдраимов С.А. Индияджагы Аспаптарды долборлоо институтунда ITEC программасы боюнча "3D модельдөө жана  CATIA программасын колдонуу" окутуу курсунан өтүп келди.

3.Кафедранын окутуучусу Токтогулова А.К. Индиянын Дели шаарында "Алдыңкы "WEB технологиялар" аттуу окутуу курсунан  өткөн.

Кафедранын курамы өзүнүн квалификациясын ар кандай конкурстарга активдүү катышуу менен дагы жогорулатышат.

  1. “Кыргыз тилинде жазылган мыкты окуу китеби, мыкты окуу – методикалык куралдары” сынагында " Машина  жана механизмдердин  теориясы" окуу китеби үчүн  профессор Садиева А.Э., II даражадагы диплом менен сыйланган.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан уюштурулган “Ярмарка идей” инновациялык  конкурсу, Бишкек шаары, 2015 жылдын 4-6 ноябры (Кыргызпатент) — катышуучунун сертификаты.
  3. Jashtar Camp жаштар конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын жаштарынын интелектуалдык инновациялык иштеринин көргөзмөсү, 2014 – жылы катышуучунун сертификаты. Аткаруучу: Коколоева У.У.

Кафедранын профессордук – окутуучу курамы Германиянын, Австриянын жана Россиянын окумуштуулары менен илимий –изилдөө чөйрөсүндө кызматташат. Кафедрада  докторанттар, аспиранттар,магистранттар жана  изденүүчүлөрдүн ишмердиги үчүн бардык шарттар түзүлгөн.